Улуу Британияда Oxford/AstraZeneсa вакцинасы жапатырмак эмдөөдө колдонула баштады
Улуу Британия аймагында 4-январга карата Oxford/AstraZeneсa вакцинасынын жарым миллиондой дозасы даяр турду.
Өлкөдө мындан тышкары Pfizer/BioNTech вакцинасы да сайылууда. Азырынча дарыгерлер, коомдук тейлөө кызматкерлери жана улгайган кишилер өзгөчө тобокелдиктеги катмар катары эмделүүдө.
Эми өндүрүүгө жана ташууга жеңил болгон Oxford/AstraZeneсa вакцинасы эмдөөгө пайдаланыла баштаган соң, бул эмдөө жүрүмү алда канча тездейт деп күтүлүүдө.
Британдык бийликтер жана дарыгерлер өздөрүндө вакцина чыгарыла башташын COVID-19 илдетине каршы күрөштөгү бурулуш учур катары жогору баалашты. Эми вакциналарды тездеп сайуу аркылуу алааматтуу ооруну чукул арада жеңүүгө жана кадыресе турмушка кайтууга болот деген ишеним пайда болду.
Oxford/AstraZeneсa вакцинасы Улуу Британияда декабрдын соңунда жактырылды. Оболу вакцинанын натыйжалуулугу 70 пайыздык көрсөткүчкө ээ болгон, бирок аны өндүрүүчүлөр бул дарынын формуласы кыйла жакшыртылганын, эми анын натыйжалуулугу атаандаш вакциналардын көрсөткүчүнө жетип калганын билдиришти.
Айтмакчы, Oxford/AstraZeneсa вакцинасын демейдеги муздаткычта эле сактаса болот, ал эми Pfizer/BioNTech вакцинасын Целсий өлчөмү боюнча бери дегенде 70 даража (градус) суукта сактап туруу зарыл.
2021-жылдын соңуна чейин Oxford/AstraZeneсa вакцинасы 3 миллиарддай дозада өндүрүлөөрү каралууда.
Дал ушул вакцина Индияда да жапатырмак эмдөөдө колдонулаары күтүлүүдө. 3-январда Индиянын дары-дармеккке көзөмөл мекемеси бул вакцинадан тышкары жергиликтүү дары жасоочу Bharat Biotech компаниясынын “Коваксин” (Covaxin) аттуу вакцинасына да өлкөдө чукул кырдаалда колдонууга уруксат кылды.
Эми Аргентина Oxford/AstraZeneсa вакцинасын жакын арада жактырышы мүмкүн деп күтүлүүдө.
Кытай жана Орусия өздөрүндө өндүрүлгөн вакцина түрлөрү менен өз калкын эмдей башташты. (TT)