Тажикстанда 87 жаштагы карыя беш жылга кесилди
Дониер Набиевдин жакындары 4-январда "Азаттыктын" тажик кызматына кабарлашкандай, өкүм 29-декабрда чыккан. Алардын айтымында, Душанбе шаарынын соту Набиевди тыюу салынган «Тажикстандын Ислам кайра жаралуу» партиясынын камалган мүчөлөрүнүн туугандарына жардам бергендиги үчүн күнөөлүү деп тапты.
Соттогу булак карыяга өкүм чыкканын тастыктады, бирок документтер сыр кармалганын айтып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.
Партиянын мурдагы мүчөлөрүнүн бири Набиев майрамдарда камактагы саясатчылардын жакындарына азык-түлүк алып барчу деп айтты.
«Тажикстандын Ислам кайра жаралуу» партиясы 2015-жылы экстремисттик жана террордук деп жарыяланып, ишине тыюу салынган. Партия жана укук коргоочулар ал чечим саясий жүйөгө таянып кабыл алынганын айтып келишет.