«Жалпы иш»: Айрым талапкерлер добуш сатып алып, административдик ресурс колдонуп жатышат
Фонддун координатору Арсланбек Өмүрзаковдун айтымында, 25-октябрдан 28-декабрга чейин байкоо жүргүзүлүп, 53 мыйзам бузуу катталды.
«Шайлоочулардын добушун сатып алуу, андан тышкары басым жасалып жатканы тууралуу арыздар келип түшүүдө», - деди ал.
Фонддун маалыматына караганда, 53 фактынын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Айрымдары боюнча арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынан координациялык тобуна жөнөтүлдү.
10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөнү жатат. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. (RK)