Британия үчүнчү ирет карантин киргизди
Рождество жана Жаңы жыл майрамдары алдында чектөөчү чаралар ансыз да күчөтүлгөн. Өткөн жылдын этегинде өлкөдө коронавирустун жаңы, тез жуккан штаммы аныкталып, адистерди ого бетер тынчсыздандырууда. Ошол эле маалда Британия биринчилерден болуп «AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университети иштеп чыккан вакцинаны колдонууга киргизди. Буга чейин, 8-декабрдан тартып «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын препараты сайыла баштаган.
Бейтаптардын саны азайбай жаткан Германия дагы Британиянын артынан карантинди узартары күтүлүүдө. 5-январда канцлер Ангела Меркел жана аймактардын жетекчилери жыйын куруп, чечим кабыл алмакчы.