Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Ташкент: бийлик шаарды көрнөк-жарнактан тазалап жатат

0
Өзбекстандын жарнама агенттиктер бирлигинин өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматына өздөрүн Ташкент шаардык мэриясынын кызматкерлери деп тааныштырган адамдар уруксат берүүчү кандайдыр бир документтерин же сот чечимдерин көрсөтпөстөн туруп, көчөлөрдө илинген алардын көрнөк-жарнак баннерлерин алып салышканын билдирди.


“Хумо Медиа” жарнак агенттигинин башчысы Савелий Соколов Ташкенттин башкы көчөлөрүнө илинген анын агенттигине караштуу үч жүздөн ашуун жарнак баннерлери алынып салынганын айтып, муну мыйзамсыздык деп атады:


“Кечээ түнү өрткө каршы күрөшүү кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана шаардын акимчилигинин кызматкерлери президенттик трассадагы баннерлердин бардыгын алып салышты. Алар муну “биринчинин өзүнүн буйругу” деп айтышты. Бирок себептерин түшүндүрүшкөн жок.” – деди Соколов.


Азыркы мезгилде Ташкент шаарынын Юнусабад, Чиланзар жана башка райондорундагы көчөлөрдө да илинген жарнак баннерлерин алып салуу иштери жүрүп жатканы кабарланды.


Шаар бийлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса