Жол боюндагы камераны талкалап кеткен айдоочуга иш козголду
Анын айтымында, кылмышка шектүү адам ким экени аныкталып, машинасы дароо атайын токтотмого киргизилген. Окуя 15-апрелде Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 90-чакырымында, Бообек айылынын тушунда болгон:
“Кемин районунун 37 жаштагы тургуну өзүнө таандык Лексус LX470 үлгүсүндөгү кара түстөгү жолтандабас унаасы менен “Коопсуз шаардын” көчмө “Автопатруль-Радар” аппараттык-программалык комплексин сүзүп, тебелеп, качып кеткен”.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Жарактан чыгып калган «Автопатруль-Радар» аппаратынын баасы 2 миллион 324 миң сом экени айтылды.
Кыргыз өкмөтү жол кырсыктарын азайтуу максатында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра баштаганына бир нече жыл болду. Долбоор алкагында жол эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн көчөлөргө камералар илинип, жолдордун боюна атайын аппараттар орнотулган. Милиция бул аппараттарды атайылап талкалап кетип жаткандар көп экенин, чыгым миллиондоп саналарын билдирген. (RK)