Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Орусия АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарат

0
Бул АКШ тарабынан 15-апрелде киргизилген санкцияларга жооп экенин Мамдуманын эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары Алексей Чепа "Интерфакс" агенттигине билдирген.



«Албетте, биз дагы он кызматкерди чыгарабыз. Биздин ички иштерге кийлигишкени үчүн аларга да бериле турган жооп бар. Бул кадам эл аралык кырдаалды жакшыртпаса да биз ага барууга аргасызбыз», - деди Чепа.



АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы мурдараак Орусияга карата санкцияларын кеңейтерин билдирген. Ага ылайык, «кара тизмеге» соңку президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылып, өкмөттүк мекемелердин сайтына каршы киберчабуул уюштурганы үчүн айрым орус чалгынчылары киргизилет. Андан тышкары Вашингтон он чакты орус дипломатын өлкөдөн чыгарганы жатат.



АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы өлкөдөгү банктарга жана башка каржылык уюмдарга Орусиянын банктарында чыгарылган облигацияларды жана рублди алууга тыюу салган.



АКШнын өнөктөштөрү жана НАТО Вашингтондун бул аракеттерин колдоого аларын билдиришти.



Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливанды сүйлөшүүгө чакырып, «Москва санкцияларга кескин жооп бере турганын» эскерткен.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Серена Уильямс

Хэмилтон одним словом отреагировал на выступление Серены Уильямс с Кендриком Ламаром






Вильфанд спрогнозировал непогоду в более чем 10 российских регионах

Забудьте про Турцию: где отдыхать в 2025 году вместо Черного моря

Синоптики спрогнозировали облачность и минусовую температуру в Москве 12 февраля

Названы самые дорогие бронирования отелей россиянами на 14 февраля