Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Навальныйды колдоп жүргөн ырчынын концерттери болбой калды

0
"Ногу свело!" рок-группасынын лидери, орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкери Максим Покровский Сибирге пландалган концерттик туру болбой калганын билдирди.


Ырчы мунун себебин жергиликтүү бийликтер тарабынан концерт уюштуруруучуларга коркутуп-үркүтүүлөр болгону менен байланыштырды.



"Ногу свело!" рок-группасы 25-апрелден 6-майга чейин Сибирь аймагындагы Омск, Новосибирск, Томск, Кемерово, Красноярск, Абакан жана Иркутск шаарларын кыдырып, концерт бермек. Максим Покровский концерттерге билеттер жакшы сатылганын белгиледи. Ырчы эми турду күз айына пландап жатканын жазды.



Максим Покровский оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоп келген, камалгандан кийин Навальныйдын бошотулушун талап кылган.


Кремлдин башкы сынчысы Алексей Навальный мындан алты жыл мурунку иши үчүн 2,5 жылга эркинен ажыратылган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в четвертьфинал парного разряда турнира WTA-250 в Румынии






Неделя науки стартовала в Хакасии

Перезагрузка организма: зачем нужна криотерапия и что она лечит

В Ярославле идут транспортные войны из-за отмены наличной оплаты

Омоложение «Роскосмоса»: Путин уволил Борисова и назначил Баканова