Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

ИИМде Айзаданын өлүмүн иликтөөнүн жүрүшү талкууланды

0
Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Айзада Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселени талкуулады.  


Мекеменин басма сөз кызматы 16-апрелде билдиргендей, жыйында  Коомдук кеңештин мүчөлөрү эгерде милиция кызматкерлери бардык чараларды көрүшкөндө, бул каргашалуу окуяны алдын алмак деген пикирге келишти.  


ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары

Жолболду Көчкөнов тыкыр кызматтык иликтөө жүргөнүн, анын жыйынтыгында шалаакылык үчүн 44 кызматкер

жазаланып, бир нече жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди.   


Коомдук кеңеш сын менен катар милиция кызматкерлеринин оор кызматын түшүнүү керектигин белгилешти.  Мындай окуяларды болтурбоого багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды бергени маалым болду. 


5-апрелде үч адам Бишкектин Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен Айзада Канатбекованын жана аны уурдаган адамдын сөөгү эки күндөн кийин Бишкектин четинде талаадан, автоунаадан табылган.



Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы, Бишкекте да ага эки жыл мурда коркутуу боюнча арыз милицияга түшкөнү белгилүү болду. Бирок милициянын ага эмнеге чара көрбөгөнү белгисиз.


Окуя коомдо катуу резонанс жаратып, 8-15-апрелде активисттер, укук коргоочулар жана бир катар шаар тургундары ИИМдин алдына чыгышып, министрдин иштен кетишин талап кылышты.



ИИМ кыз уурдалгандан кийин убагында аракет көрбөй, шалаакылык кылгандар тиешелүү жазасын алганын билдирүүдө. (NT)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Буэнос-Айрес (ATP). 1-й круг. Карбаллес Баэна встретится с Лайовичем, Дьере – с Мюллером






PRYSM GROUP – архитектурное бюро, создающее будущее

У летевшего за границу российского бизнес-джета отказал прибор в небе

Самокат без регистрации не арендуется // Как власти ужесточают правила для кикшеринга в столице

Туристы стали чаще бронировать отели онлайн