АКШ Матраимовдун бошотулушун “көңүл калтырарлык иш” деп атады
Ошондой эле бул билдирүүдө “АКШ Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү кылмыштуу мүлкүн камакка алып, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин уланта берет. Биз Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдары менен биргеликте анын камакка алынышы ыктымал болгон мүлкүн жана каржылык кызыкчылыктарын аныктоо боюнча иштеп жатабыз” деп айтылды.
Элчилик АКШ 2019-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин коррупциялык 4,5 миллион долларын Кыргызстанга кайтарып беришин Кошмо Штаттардын жемкорлукка каршы аракетинин жана уурдалган активдерди кыргыз элине кайтаруу ниетинин далили экенин билдирди.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Матраимовду кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.
Ага чейин Матраимовго карата коррупцияга байланыштуу иш козголгон. 11-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айыппул чегерген.
Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.
УКМК Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.
Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (RK)