Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Бишкекте медкызматкерлер нааразылык акцияга чыгышты

0
Бишкектеги Ак үйдүн алдында башкалаадагы жүзгө чукул медициналык кызматкер тынчтык акцияга чыгышты.


Алар коронавирус пандемиясынын шартында иштегени менен "өкмөт убада кылган кенемте берилбеди, айлыктар көтөрүлгөн жок" деп нааразылык билдиришти. Акцияга чыккандардын бири Кемелбек Мамыров ооруган кызматкерлердин баарына кенемтени тегиз берүүгө бийликти чакырды.


Чогулгандардын айрымдары "Өкмөттүн компенсация төлөө убадасы аткарылган жок!", "Медайымдарга да 1-апрелден тартып 100% айлык!" деген жазууларды көтөрүп турушту.


Президентке, өкмөткө кайрылган медайымдар айлыкты 50% эмес, 100% көбөйтүүнү суранышты. Алар оор шартта иштеген учурда элдин кол салуусуна кабылган учурларын эске салып, кол тийбестик тууралуу маселени да көтөрүштү.


Мындан тышкары коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге кенемте туура каралып, туура бөлүштүрүлбөй жатканын айтышып, муну чечип берүүнү талап кылышты.


Уюштуруучулардын айтымында, акцияга негизинен  "кызыл зонада" иштегендер келди. Нааразы тарап өкмөткө жана президентке кайрылуу жолдошту.


Акыркы күндөрдө Кыргызстанда коронавирус жугузгандар, андан кайтыш болгондор көбөйүп жатат. Илдет аныкталган медкызматкерлер да күн сайын катталууда.


Ушуну менен Кыргызстанда пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери оору 4341 медкызматкерге жугуп, анын 4285и айыгып чыкты. Вирустан кайтыш болгон медиктер 100дөн ашты.



Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилген. Ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалды.



Мекеме кенемте төлөөнүн тартибин 2021-жылдын 11-январынан тартып өзгөрткөн. Анын негизинде вирус жугузуп алган дарыгерлерди изилдеп, чечим чыгаруу милдети ооруканадагы жетекчиликке берилген. Вирус жугузуп алгандар үчүн кенемте 75 миң сомду түзүп калган. (NT)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова проигала 143-й ракетке мира во втором круге турнира WTA в Клуж-Напоке






Посол РФ: США не случайно ввели санкции против NIS во время протестов в Сербии

Алексей Русских поздравил ульяновцев с Днем работника гражданской авиации

Росздравнадзор проверит частную клинику в Москве из-за госпитализаций после ЭКО

Президент «Торино»: «С трансфером Илича в «Спартак» возникли некоторые трудности»