Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Баткен: Калайман мушташтан жабыркаган төрт окуучунун экөө ооруканада жатат

0
Баткенде окуучулардын калайман мушташынан жабыркаган төрт баланын экөө ооруканада жатат. Бул тууралуу 16-апрелде “Азаттык” радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.


Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 15-апрелде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектебинде болгон. Калайман мушташ учурунда жараат алган төрт окуучуга облустук ооруканада медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алардын экөө ошол күнү үйүнө чыккан, экөө жактырылган. Баарынын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат.


Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Иликтөөнүн жүрүшүн облус башчысы Өмүрбек Суваналиев жеке көзөмөлүнө алды.


Бир нече күн мурда Каракол шаарында да окуучулардын калайман мушташы чыгып, мээсинен операция болгон бир окуучу азыр ооруканада жатат. (JsA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Вероника Кудерметова

Вероника Кудерметова вылетела с турнира в Дохе






«Фейенорд» объявил о назначении временного тренера

Музыка по-русски: "Есть шансы на удачу". Швыдкой рассказал об участниках музыкального конкурса. Кто приедет на "Интервидение"?

Психолог Комлова: служебный роман может обернуться потерей работы

В мэрии Кирова назвали улицы, которые планируют отремонтировать уже в феврале