Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Чехия 7 жыл илгерки жардырууга байланыштуу 18 орус дипломатын чыгарат

0
Чехиянын атайын кызматтары 2014-жылы өлкөдөгү ок-дары кампасынын жарылышына орусиялык аскер тыңчылары катышкан деген бүтүм чыгаргандан кийин, Чехия өкмөтү тыңчы деп шектелген 18 орус дипломатын өлкөдөн чыгарып жаткандыгын жарыялады.



Чех премьер-министри Андрей Бабиш 17-апрелде бул тууралуу жарыялап, орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечими Чехиянын чалгындоо жана коопсуздук кызматтарынын "ачык-айкын далилдеринин" негизинде кабыл алынганын жана 2014-жылкы Врбетице (Vrbetice)  кыштагындагы курал-жарак сактоочу жайдын жардырылышында "Орусиянын аскердик чалгындоо кызматы – ГРУнун – 29155-тобунун мүчөлөрүнүн ролу боюнча "негиздүү шек бар" деген пикирин билдирди.



Чехиянын чыгышындагы менен Словакиянын чек арасына жакын Злин аймагындагы 2014-жылдын 16-октябрындагы жан 3-декабрындагы  бул жардыруудан улам эки киши набыт кеткен.



Ички иштер министри Ян Гамачектин айтымында, чалгындоо кызматынын оперативдүү кызматкерлери деп табылган дипломаттарга 48 сааттын ичинде Чехиядан чыгып кетүүгө буйрук берилди.


Бул окуя тууралуу президент  Милош Земан кабардар экендиги жана тышкы иштер министрлигинин  орус дипломаттарына байланыштуу чечимин колдогондугу маалымдалды. 



Чех полициясы ошол эле күнү ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын шектүү эки тыңчысын издеп жатышканын жарыялады.






Бул ысымдар 2018-жылы Улуу Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына шектүүлөрдүн ысымдарына дал келет.






Совет мезгилинде тыюу салынган «Новичок» нерв дарысын колдонуу менен жасалган чабуулга кабылышкан Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын өмүрүн британдык дарыгерлер эптеп сактап калышты.



Кийинчерээк «Bellingcat» жана «The Insider» изилдөө борборлору тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө эки шектүү киши – Александр Мишкин жана Анатолий Чепига бул кылмышты жүзөгө ашырышкандыгын аныктаган болчу. (TT)   



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Уроженка Красноярска Мирра Андреева проиграла в полуфинале Открытого чемпионата Австралии по теннису






Подруга BroDude: Яна Алексенцева

ГД рассмотрит в феврале проект об ОГЭ по русскому и математике в 5 субъектах РФ

Синоптик Ильин: в Москве потеплеет до плюс 7 градусов

Два «лишних» экзамена во время итоговой аттестации могут отменить для девятых классов