Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Британия эки аскер кемесин Кара деңизге жиберет

0
Улуу Британия май айында эки аскер кемесин Кара деңизге - Украинага жана НАТОго тилектештигин билдирүү максатында жиберет.


Бул тууралуу "Sunday Times" гезити өз булактарына таянып жазды. Ага ылайык, ракеталар менен куралданган эки аскер кемеси Босфор кысыгы аркылуу Кара деңизге кирет. Ал эми Жер ортолук деңизинде "Квин Элизабет" кемеси болот.


Британ Коргоо министрлигинин өкүлү бул маалыматка комментарий берген жок. Бирок Лондон жана союздаштары Украинанын эгемендигин жана бүтүндүгүн колдошорун белгиледи.


Апрелдин орто ченинде АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык эки кеме Кара деңизге багыт алары мурдараак кабарланган. "Sunday Times" бул демилгени президент Жо Байден Орусия менен мамилени чыңалтпоо максатында токтотконун жазды.


Түркиянын маалымат каражаттары АКШ Босфор аркылуу кемелери өтөрүн билдирген маалымдамасын артка алганын айтып чыгышты. АКШ бул тууралуу расмий кабарлаган жок.


Учурда Кара деңизде Орусиянын аскер деңиз флотунун кемелери чогулууда. Аймакка Кара деңиз флотунан тышкары Каспий жана Түндүк флоттун кемелери да алып келинген. Бул жерде аскердик машыгуу болорун билдирген Орусия Керчен кысыгы аркылуу чет элдик кемелер өтүүсүнө октябрга чейин тыюу салган.


Киев Москванын бул чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

По стопам Синнера и Алькараса: молодёжный Итоговый турнир ATP выиграл 18-летний бразилец






Шри-Ланка стремится в БРИКС: Анура Диссаянаке ждет ответа в 2025 году

СМИ: Рухнувший под Актау самолет ранее выкатился за пределы ВПП в Турции

Путин пригласил воинские расчеты стран СНГ принять участие в параде Победы

Названы выгодные направления для путешествий в Новый год