Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Дарья Маслова эл аралык марафондо алтын байге алды

0
Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Дүйшөмбү эл аралык марафонунда алтын байге алды. Мара 17-апрелде Дүйшөмбү шаарында өттү.


Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова бул марафондо 21,1 чакырымдык жарым марафонго жарышка чыгып, белгиленген аралыкты 1 саат 12 мүнөт 2 секундада чуркап өтүп, алтын медаль тагынды. Жарым марафондун күмүш байгесин өзбекстандык жөө күлүк Вереника Гришина, коло байгесин тажикстандык жеңил атлет Зулхича Гаффорзода алышты.


Бул Дарья Маслованын акыркы айдагы экинчи жеңиши. 28-мартта ал Ташкент жарым марафонунда да жеңүүчү болгон.


Дарья Маслова 5000 жана 10 000 метр аралыкка чуркаган жеңил атлет. Бул аралыктарда ал Азиянын эки жолку жана Азия оюндарынын чемпиону болду. Акыркы жылдары күчүн марафондук жарыштан сынап, Олимп оюндарына жолдомону да бул дисциплинадан алды.


Дарья Маслова Жапониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомону 2019-жылы 1-декабрда Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып алган. Аталган марафондо ал 42 чакырым, 195 метр аралыкты 2 саат 28 мүнөт 19 секундада чуркап өтүп, марага жеткен. (Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт).


“Азаттык” радиосунун “Олимпиадага жол” түрмөгүнөн Дарья Маслова тууралуу кенен окуй аласыз.




Учурда Кыргызстандын эсебине Олимп оюндарына 12 жолдомо чогулду. Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш 2021-жылга жылдырылган.(GT)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Джессика Пегула снялась с турнира WTA-500 в Брисбене из-за травмы






"ИИСУС ИЗ УСБ": ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНИТЬ! СЕНСАЦИОННОЕ ПРОЯСНЕНИЕ ПРИЧИН СВО. ЧИТАЙТЕ ВАЖНЫЕ НОВОСТИ В ЭТОЙ ПУБЛИКАЦИИ! Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Туляков приглашают на "Новогоднюю лыжную гонку"

Предновогодняя уличная торговля мороженым, 1994 год, Москва

"ИИСУС ИЗ УСБ": РАССЕКРЕЧЕН НАСТОЯЩИЙ ПЛАН МИРА НА БЛИЖНЕМ ВОСТОКЕ. ЧИТАЙТЕ ВАЖНЫЕ НОВОСТИ В ЭТОЙ ПУБЛИКАЦИИ! Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!