Чүйдө уурдалды деп айтылган бала табылды
Бул окуя Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иштин алкагында издөө жүргөн.
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ивановка, Кең-Булуң жана Чолпон айылдарындагы талаа, жайыттарды, ээн үйлөрдү жана имараттарды тинтип чыгышкан. Өлкө боюнча кабар берилип, районго кирип чыккан жерге блокпосттор коюлган.
Натыйжада улан Новопокровка айылындагы досунун үйүнөн аман-эсен табылган. Ал апасын тамашага салып, өзүн "уурдап кетишти" деп билдиргени аныкталды.
Бала ата-энесинин колуна тапшырылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын башынан бери жалпы "Адам уурдоо" беренеси боюнча 89 факты катталган. Анын ичинен 74 иш кыскартылган. (ZKo)