Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2021

Александр Лукашенко АКШга доомат артты

0
Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко өзүнө жана балдарына кол салууну көздөгөн операция алдын алынганын билдирди. Ал бул тууралуу 17-апрелдеги ишембилик маалында журналисттерге айтып, операцияга АКШнын "жогорку саясий жетекчилиги макулдугун берген" деп белгиледи. Бирок Лукашенко бул сөздөрүн бышыктаган далилдерди көрсөткөн жок.



Орусиянын чалгын кызматтары Лукашенко сөз кылган кутумчул аракет боюнча Москвада Беларустун эки жаранын кармаганын кабарлады.



Мындай айыптоого Кошмо Штаттардын расмий мекемелелери жооп кайтара элек. Бирок беларус оппозициясы Лукашенконун айткандарын четке кагышты. Оппозициянын лидери Светлана Тихановская соңку кабарларды орус-беларус атайын кызматтарынын "чагымчыл аракети" катары мүнөздөдү.



Беларуста былтыр август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон бери Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар маал-маалы менен өтүп келет. Бир катар Батыш өлкөлөрү шайлоодо олуттуу бурмалоолор болгонун белгилеп, Лукашенконун жеңишин таануудан баш тартышкан. Андан бери Лукашенко "өзүн бийликтен кулатууга аракет кылды" деп Батыш өлкөлөрүн бир нече жолу айыптаган.


Беларус жетекчилигинин соңку билдирүүсү Орусиянын украин чек арасына жакын аймактарга аскерлерин жайгаштырышынан улам Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда кайым айтышуу уланып жаткан учурга туш келди. 


Беларустун эң жакын тарапташы саналган Орусия узак жылдардан бери Минскини дагы жакыныраак интеграцияга үндөп келет. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Соболенко заявила, что хотела бы видеть флаг Белоруссии на турнирах WTA






Открыт первый в Москве мост в форме полумесяца

Уволят почти половину: почему в Газпроме готовятся к массовым сокращениям

Петербург стоит в пробках

Челябинских водителей предупредили об осложнении дорожной ситуации из-за погоды