Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2021

Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына 100-жолу чогулушту

0
Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар 18-майда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына 100-жолу чогулушту. Аларды кармап кетишкени, телефондору өчүк экени кабарланды. Кийин 8 киши сотко жеткирилгени маалым болду. Маалыматтарга караганда, аларга тынч акцияларды өткөрүү тартибин бузуу деген айып тагылууда.


Шинжаңда камакта жаткан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыккан бир нече киши Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын жанына келишкен. Аларды полиция имаратка жакын келтирбей койгон. Алар Кытайда казактарга каршы геноцид жүрүп жатат деп, бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдүн көйгөйүнө кайдыгер мамиле кылып жатат деп Казакстан бийлигин айыпташты. 100 күндөн бери акцияга катышкандарга кытай дипломаттарынан эч кимиси чыккан жок.


Шинжаңда түпкүлүктүү мусулман калк өкүлдөрү куугунтукталып, лагерлерге айдалганы тууралуу маалыматтар, далилдер көптөн бери айтылып жүрөт. Батыштын бир нече мамлекети мындай саясатты тукум курут деп аташкан. Бээжин экстремизмге каршы аракет көргөнүн айтып, лагерлерди кесипке үйрөтүү жана интеграция борборлору деп атап, өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү эскертүүдө.


Расмий Нур-Султан Кытайдын саясатын ачык сындоодон карманып, Шинжаңдагы туугандары жөнүндө арыздар дипломатиялык каналдар аркылуу каралып жатканын айтууда.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Теннисистка Андреева выбыла из топ‑10 мирового рейтинга WTA






«Для нее проводили специальные ритуалы»: шаманка рассказала, почему посадили Блиновскую

Собянин рассказал о реставрации Швейцарского домика в усадьбе Кусково

Павел Прилучный требует снижения алиментов через суд

Природоохранная прокуратура Подмосковья требует вернуть государству более 4,2 гектара земли в Щелково