Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2021

“Аэрофлот" июндун аягына чейин Түркияга билет сатууну токтотту

0
“Аэрофлот" авиакомпаниясы июндун аягына чейин Түркияга билет сатууну токтотту. Коронавируска каршы ыкчам штаб уруксат бергендей, жумасына эки рейс гана аткарылып турмакчы. "Аэрофлоттун" расмий өкүлү Михаил Деминдин айтымында, каттамдар аткарылбай калса, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралбашы үчүн билет сатпоо чечими кабыл алынды. Мунун алдында орусиялык бир катар маалымат каражаттары чектөө 30-июнга чейин узартыларын жазышкан.


Түркия менен аба байланышка Коронавируска каршы ыкчам штаб 15-апрелден 1-июнга чейин чектөө киргизген. Натыйжада Москва-Стамбул рейстери жумасына эки жолу гана учуп калган. Ага чейин 500 миң орусиялык билеттерге заказ бергени маалымдалган. Көбү сапарын башка күнгө которууга же саякаттан баш тартууга аргасыз болгон.


Айрым байкоочулар ал чечимдин саясий өңүтүнө көңүл бурушат. Эмне дегенде 10-апрелде Түркияга украин президенти Владимир Зеленский барып кеткен. Жолугушууда түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Анкара Крымдын аннексиясын тааныбасын билдирген.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Красноярская теннисистка Мирра Андреева выиграла турнир WTA в парном разряде






Останкинский суд Москвы арестовал до конца февраля двух мужчин, поджигавших электропоезда

Зимушка-зима

Объявлена дата дебютного запуска ракеты New Glenn компании Blue Origin

Apple тайно активировала функцию поиска фото на iPhone в России