Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2021

Милиция Ош аэропортунда тартылды делген тасманы төгүндөдү

0
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Оштогу аэропортто чет өлкөлүк жарандардын укугу бузулган учурлар катталбаганын билдирди. 


Буга чейин интернетте аталган аба майданда тажик жарандары ур-токмокко алынды деген мазмундагы видео тараган болчу. Ош милициясы ал тасма Кытайда тартылганын аныктады.


"Бүгүнкү күндө, Ош аэропортунда кандайдыр бир чет өлкөнүн жарандарына карата жасалган кылмыш же жорук катталган жок. Башка өлкөлөрдөн учуп келген тажик улутундагы жарандар тууралуу укук коргоо органдары алдын ала маалымат алып,  алар Өзбекстандын аймагына чейин коопсуздугу корголуп, узатылып жатат" , деп жазылат маалыматта.


Буга чейин бир социалдык тармактарды Ош аэропортунда тажик жарандары басым-кысымга кабылганы тууралуу маалымат тараган. Бирок күч кызматкерлери бул сөздөрдү төгүндөгөн.(MrA)


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса