Лукашенко митингчилерге каршы аскердик техника колдонууга уруксат берди
Ошондой эле милиция кызматын аткарып жатканда аларды катардагы жарандар тарабынан видеого же сүрөткө тартууга тыюу салууга укуктуу.
Беларуста былтыр 9-августта болгон президенттик шайлоодон кийин массалык акциялар тутанган. Шайлоону өлкөнү 24 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңгени расмий жарыяланганы менен митинг катышуучулары жана оппозиция анын отставкасын талап кылып, шайлоо бурмаланганын айтып келишти. Күч түзүмдөрү демонстрациялардын катышуучуларына аёосуз мамиле кылышкан.
Укук коргоочу уюмдардын маалыматына ылайык, акцияларды басууда кеминде сегиз киши өлгөн жана 30 миңден көп киши репрессияларга кабылды, арасында журналисттер бар. Бир миңдей кылмыш иш козголгон.
