АКШнын Флорида штатында көп кабаттуу үй урап калды
Кырсык болгон жерге келген штаттын губернатору Рон Десантис куткаруу бригадалары адамдардын өмүрүн сактоо үчүн тынбай иштерин билдирди.
1980-жылдары курулган көп кабаттуу үй эмнеден улам урап калганы расмий айтыла элек.
АКШ президенти Жо Байден кырсыктын кесепетин жоюу үчүн штаттын бийлиги жардам сураса, федералдык бийлик көмөк көрсөтүүнү убада кылды.