Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2021

COVID-19: Кыргызстан Жапониядан вакцина сурады

0
Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда менен жолугуп, коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал Кыргызстанга 1,1 миллион доза вакцина жана муздаткычтар зарыл болуп жатканын белгиледи.


“Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны өтө аз болуп жатат. Ушул мезгилде жапон өкмөтү бизге колдоо көрсөтүп, пандемиянын кесепетин жоюуга көмөктөшөт деп ишенебиз”, - деди Бакашова.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жогушуунун жыйынтыгында элчи калкты эмдөө маанилүү экенине токтолгон. Бирок вакцина маселеси кандай чечилгени тууралуу маалымат айтылган жок.


Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 100 миң киши эмделди. Бийлик калкты эмдөө өнөктүгүнө кытайдын жана орусиянын вакциналарын колдонуп жатат.


Гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm вакцинасынын биринчи партиясы май айынын этегинде түгөнгөн. Учурда кытай вакцинасынын экинчи партиясы келери күтүлүүдө.


Мындан тышкары Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасынын 50 миң дозасы жана эл аралык COVAX программасы аркылуу 210 миң доза AstraZeneca вакцинасы келери айтылган. (MiK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова победила Соррибес-Тормо и вышла во второй круг турнира WTA в Клуж-Напоке






Самое высокое атмосферное давление в истории: как москвичам пережить 8 и 9 февраля

Обретение. Отец Владимир Клюев рассказал о чудесном возвращении двух икон

Ростех решил впервые представить двигатель ПД-8 на выставке NAIS-2025

Минздрав России планирует обязать выпускников медвузов отработать три года