Кара-Кулжада сууга агып кеткендер табылбай жатат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-июнда билдиргендей, Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, машине көпүрөдөн кулап кеткен. Унаадагы беш кишини экөөнү - айдоочу менен 13 жаштагы секелекти жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.
Аталган райондун Казык дарыясына 22-июнда агып кеткен 10 жаштагы бала дагы эле табыла элек.
23-июнда Кара-Кулжа дарыясына 30 жаштагы жигит агып кетип, үч күндөн кийин сөөгү табылган.