Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2021

Омбудсмен кыргыз айдоочусунун Тажикстанда кармалып турганын "барымта" деп сыпаттады

0
Тажикстанда кармалып турган кыргызстандык айдоочулардын жагдайына байланыштуу омбудсмен Токон Мамытов тажик акыйкатчысы Умед Бобозодага кат жолдоду.


Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кыргызстандык айдоочу Виталий Шульц тажик чек арачыларынын колунда барымтада турганын, жагдайды омбудсмен көзөмөлгө алганын билдирди.


Кыргызстандык айдоочу Виталий Шульц Өзбекстан менен Тажикстандын "Фотехобод" өткөрүү пунктундагы бажы бекетинде кармалып турганы 24-июнда белгилүү болгон. Ал Германиядан келе жатып 21-июнда Өзбекстан аркылуу Тажикстанга киргенде токтотулган. Тажикстандын Мамлекеттик бажы кызматы муну "Азаттык" радиосуна тастыктап, Шульцтун документинде мандем болгондуктан токтотулганын айткан.


Кийин Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги чек ара бекетинде кыргызстандык ондой жүк ташуучу автоунаа турганын билдирип, абал өзгөчө көзөмөлдө экенин маалымдаган.


Омбудсмен аппаратынын бөлүм башчысы Замир Өмүрзак уулу айдоочулар кабылган жагдай тууралуу акыйкатчы маалымат каражаттарынан укканын, дароо кошуна өлкөгө кат жолдоп, жооп күтүп жатканын билдирди.


Чек арадагы соңку куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Коңшу өлкөнүн Бажы кызматы эл аралык каттамдагы кыргызстандык айдоочуларга чектөө жоктугун билдирген. (SE)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина начала работать с бывшим тренером Динары Сафиной






Землепользователям Москвы напомнят об основаниях для оформления сервитута

Москвичи переплачивают за воду: как этого избежать?

Туристы из России потратили 1 млн, спасая дочь от ампутации после отпуска

Показатель своевременного выявления онкозаболеваний в медучреждениях Москвы составил почти 68%