Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2021

Кыргызстанда 40 миңдей тикмечи жетишпейт

0
Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4% өстү. Ошол эле учурда тигүү тармагына болжол менен 20-40 миңдей тикмечи кыз-келиндер зарыл болуп турат.


Расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Алардын 46% кыз-келиндер. Анткен менен өлкөдөгү бир топ тармактарда квалификацияланган жумушчулар жетишпей жатат.


Ал арада тигүү тармагындагы өнүм коронавирус пандемиясынан кийин төмөндөдү.  2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 11% түштү.



28 жаштагы Айжамал Куттубекова төрт баланын энеси. Кесиби боюнча кондитер. Айлык аздыгынан өзүн тигүүчү катары сынап көрүүнү чечкен. Бул тармакта иштегенине 3-4 ай болсо дагы, иштеп жашоосу жеңилдеп калганын айтты.


"Ушул жумуштун арты менен балдарым бала бакча, мектепке барып жатышат. Бир күн эле жумушка чыкпай калсак акча токтойт. Мисалы, күнүнө миң сомдон айланса, бир күн эмес, бир саатты дагы эсептеп иштейбиз. Айлыгы жакшыраак. Орусияда иштегенден көрө бул жакта үй-бүлөң жаныңда, жолдошуң менен, ата-энең жаныңда. Жакшы дагы Кыргызстанда ушундай иштегенге шарттар түзүлүп жатат. Мен бул цехте апам, сиңдилерим менен иштейм. Ушул жерден кетким келбейт".



Айжамал 10 күн иштеп биринчи жолу 6 миң сом айлык алгандагы сүйүнгөнүн эстен чыгарбайт. Тикмечилер жасаган ишине жараша айлык алгандыктан ар бир убак-саатын эсептеп, убакытты бош өткөргүлөрү келбейт. Ошентип отуруп айлыгы азыр жумасына 10 миң сомго жетиптир.



"Бул менин биринчи айлыгым болчу. Мурда иштеген эмесмин. Азыр бир аз үйрөнүп калдым. Жумасына жок дегенде 10 миң сом алып жатам. Төрөп үйдө отурдум, балдарды чоңойтуп анан иштей баштадым. Негизи эле Кыргызстанда эркектерге иш азыраак. Курулушта иштей ала тургандары бар, иштей албай тургандары бар. Ага караганда тигүү цехтердин арты менен канчалаган аялдар үй-бүлөсүн багып жатат. Бул иш жокто күйөөбүздүн көзүн карап, алып келсе жеп, алып келбесе жок, балдар менен отурчу элек да. Иштеп баштагандан тартып жашоо жеңилирээк болуп баштады. Күйөөм дагы сүйүнүп... Акчаң жок болсо ынтымагың да кетип баштайт. Уруш баштайсың, акчаң болсо жүзүң жарык, үйдө бала-чакаң менен жылмайып... Коллектив дагы жакшы, келип сүйлөшүп отуруп иштеп кетсең көңүлүбүз ачылып калат. Күйөөм дагы иштейт. Анын бир айда тапканын мен бул жерде эки жумада алам. Төрт баланы багыш азыр оңой эмес, ошентип экөөлөп багып жатабыз".



Нургүл Турдубаева, жалгыз бой эне. Төрт баланын энеси. Балдарын айылдагы ата-энесине таштап Орусияда дагы тикмечи болуп 10 жылдай иштеп келген. Өзүнүн айтымында, балдарына болгон сагынычы, кусалыгы жүрөккө сиңип калгандай деле таркай элек. Чүрпөлөрүнөн ыраакта иштеп жүргөн учурун эстесе көзүнө дале жаш тегеренет.




"Балдарымдын улуусу төрт, кичүүсү бир жашында ата-энеме балдарымды таштап Орусияга кеткем. Үй-жай кылып алайын деп жүрүп балдар чоңойгон кезде келдим. Ошол кезде кызым менен телефондон сүйлөшкөндө үй кылып алайын  дечү элем. Азыр такыр таштагым келбейт. Балдарды таштап коюп той-топурга дагы кетпейм, өзү тойлорго көп кызыкпайм. Өз мекениңе жетпейт да, мигрант болуп башка жакка кеткенден көрө өзүбүздө деле иштеп, тирилик кылса болот. Иштейм дегенге иш табылат бул жакта деле. Орусияда баасы бир аз 5-10 сомго кымбатыраак төлөнөт, бирок батирге, тамак-ашка деп атып эле кетип калат".



Нургүл Турдубаева цехтеги мыкты тикмечилердин бири. Айлыгы жумасына 20 миңге жетип калат. Тикмечилер учурда жаңы жылга кыздардын көйнөгүн тигип жатышыптыр. Көбү эртең мененки 8ден кечки саат 8-9га чейин иштешет. Ал мектепте окуган эки кызына дагы тикмечиликти үйрөтүп койгон. Ара-чолодо алар дагы кол кабыш кылышат экен. Өзү окубай калса да балдарына билим берип, окутуу негизги максаты экенин айтат.






"Жумасына дебейин он күндө 18-20 миңге жетип калат тапканым. Ошол акча менен балдарымды багып, окутуп келатам. Эки күндө беш линейка, беш пачканы чыгарам. Ичинде ар кандай санда болот, 20-19 даана болуп калат. Цехте иштеген майда жумуш, оор эле. Ар бир деталды өз-өзүнө дал келтириш керек. Жакшы нерселерди тигебиз, өзүбүздөн чыгып жаткандан кийин балдарга деле кээде ушул жерден эле алып берем. Базарда деле ушундайды алабыз да. Базардан деле биз тигип жаткан нерселерди сатып аласың да. Тикмечилерге базардагы товардын ичин караган адат болуп калат. Кээде сырттан алынып келинген деп алдашат, андайды биз дароо эле билебиз. Өзүм окубай калсам дагы балдарымды окутайын деп аракет кылам. Ошон үчүн болгон күчүмдү арнап иштейм".




Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4 % өстү. Расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Алардын 46% кыз-келиндер. Анткен менен өлкөдөгү бир топ тармактарда квалификацияланган жумушчу кол жетишпей жатат. Экономика министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулованын айтымында, тигүү тармагы болжол менен 20-40 миңдей квалификациялуу тигүүчүгө муктаж.



"Тигүү ишканаларынын 60% Бишкекте жайгашкан. Логистикага байланыштуу 30% Чүйдө, Сокулук, Аламүдүн районунда. Ошондон улам көбүнчө жумушчулар региондон келип иштешет. Азыркы күндө квалификацияланган жумушчулар жетишпей жатат. Ошол маселени чечүү максатында ишкерлер региондорго чыга башташты".








Чай үстүндө фабрикада иштеген кыз-келиндер аялдарга тигүү цехтери менен эле базар калды деген ойлорун ортого салышууда. Бул тармакта иштегендердин баары   тикмечи, баары бирдей машинеде отуруп иштеп жаткандай туюлат. Бирок ар бир кыз-келиндин өзүнчө кызматы, вазийпасы бар.




Мисалы, Уулкан кийимдерди оверлок машинадан өткөрүп берет. Тигүү тармагында иштегенине 10 жылдай болуптур. Ал соңку кезде жаш үй-бүлөлөрдүн киреше булагы тигүү цехтери болуп калганын айтты. Ушундай цехтер айылдарда ачылса жакшы болмок деп ой бөлүштү.




"Кыргызстанда көбүнчө эле жаңы үйлөнгөндөр тигүү цехтерине келип иштеп жатышат. Биз деле мигрант болуп Орусияга кетип калмакпыз, бирок цехтер ачылып калгандыктан ушул жерден тирилик кылып жатабыз. Ушундай цехтер айылда болсо аябай жакшы болот эле. Айылда келин-кесектер жумушсуз эле жүрөт да. Үй-бүлөсүн таштап келе албайт. Карыган ата-энесинин колун карап отурушат. Аларды дагы караш керек. Тикмечиликти аялдар тез эле үйрөнүп кетишет. Үзгүлтүксүз жумуш болуп, кожоюндардын соодасы болуп эле турса иш жакшы эле. Быйыл эми кышкысын жарык өчөт деп жатат. Андай болсо канчалаган үй-бүлө ишсиз калат. Биз айылга үйдү салып койдук. Ушул жактан тапкан акчаларга салдык. Бирок анда эч ким жашабайт. Айылда иш болсо ошол жакта эле калмакпыз. Кайын-журтун, кайнене-кайнатасын караган шымаланган келиндер бар. 1000 сом, 500 сомго зар болуп отургандар бар. Алар иш болгондо тим эле тытат эле".



Уулкан эки баласына кийим тиккенди үйрөтүп, үчөөлөп иштеп жаткан учуру.



Биз менен маектешкен тикмечилер Бишкектеги "Татына" фабрикасында иштешет. Аталган цех төрт жыл мурда ачылган. Негизинен балдардын кийимин тигет. Кожоюндары 20 жылдай Орусияда соода-сатык менен алектенип жүрүп, Кыргызстанда ишкерликти баштаган. Фабриканын директорунун орун басары Меңдигүл Нурдунованын айтымында, мында 50дөй киши иштейт. Алардын 40тайы тигүүчү болсо, калганы бычмачы, үтүкчү, ашпозчу. Булар деле пандемияда башка ишкерлердей жумушсуз отуруп калышканын айтышат, азыр рынокту кеңейтүү, кризис шартында иштөөнүн жаңы ыкмаларын издөөнүн жолунда экен.




"Биз Орусияда ал жактагылардын калоо-тилектерин, табитин карап, керек болсо жазып да жүрчү элек. Келгенден кийин бул жактан жолдошум жана анын туугандары болуп "Татына" деген фабрика ачтык. Буюрса, биз брендге чыгып калдык, биздин товарларды кийимдеги этикеткабыздан эле таанып, издеп келип калышты. Товарларыбызга сертификат дагы алганбыз. Эми дүйнөлүк брендге чыкканга аракет кылабыз. Товарлар негизинен Орусия, Казакстанга кетчү. Былтыртан бери Украина, Беларуска жөнөтө баштадык. Сертификат жасаткандан бери Америкадан дагы биздин товарларга кызыккандар болуп жатат".


Экономика министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова пандемиядан кийин өлкөдөгү жеңил өнөр жайы, анын ичинде текстил тармагы кыйынчылыктарга дуушар болгонун, анын айынан өнүм, экспорт дагы кемигенин айтууда. Ал ишкерлердин товарлары чек арадан кыйынчылык менен өтүп жатканын ырастады.






"Жеңил өнөр жай - Кыргызстанда өнөр жайдагы артыкчылыктуу тармак болуп эсептелет. Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири зор. 2019-жылга чейин жеңил өнөр жайы, анын ичинде тигүү тармагы жакшы темп менен өнүгүп келген. Экспорттук потенциалы зор, продукциянын 90% Орусия, Казакстанга экспорттолот. Пандемия шартында эки жылдан бери өнүм төмөндөп, 2020-жылы жеңил өнөр жайы 21% түшүп кетти. Тигүү тармагы 24% түшкөн. 2021-жылы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча өнүм 3% түштү, ал эми тигүү тармагы 11% түштү. Экинчиден, экспортко чыккан товарларды Казакстанда текшерүү көбөйүп, тоскоолдуктар жаралууда. Бир аптада жете турган жүк 1-2 айга созулуп кетип жатат".




 


Ишкер Меңдигүл Нурдунова ишин жаңы баштагандарга жеңилдик берилип, кагаз чогултмайлар кыскарса, бир топ көмүскөдөгү бизнес ачыкка чыгат эле деп эсептейт.




"Мамлекеттен ишкерлерге жеңилдиктер жок, ишиң тезирээк бүтө тургандай шарттар болсо жакшы болмок. Электр энергиясы аябай аз берилип, кээде көтөрө албай калат. Өнөр жайга өткөргүлө дейт, ал үчүн толтура документ чогултуш керек экен. Акыркысын алганча, биринчи алган кагаздын мөөнөтү бүтүп калууда. Ошого бир жерден бүтө тургандай шарт түзүлсө, төлөп, баарын ошол жерден бүтүрүп кете берет элек. Анын үстүнө ишкерлердин убактысы жок, алар бир гана фабриканы карабайт, базарга чыгат, кардарлар менен иштейбиз. Мындан сырткары пандемиядан кийин чек ара маселеси чыкты. Кардарлар өздөрү келе албай калды, жүк дагы аябай кыйынчылык менен өтүп жатат. Анан кездеме көйгөйү башталды, келбей калат, келсе дагы кымбат".




Бул кыздар үтүктөлүп, даяр болгон кийимдерди таңгактоодо. Күндүз иштеп, күнүнө 300-400 даана кийимди таңгактап коюшат. Оңой көрүнгөн менен бул иш деле абдан кылдаттыкты, чеберчиликти талап кылат.



"Эгер асты-үстү менен тигилген кийим болсо аны таңгактоо беш сом, көйнөктөр үч сом. Биз үчүн эң кыйыны эле топчусу бар көйнөк".


Фабрикада үтүкчүлөр 100дөн-250гө чейин кийим үтүктөйт. Шымдын кырын чыгарып, жаңы тигилген товардын көркүн ачуу да үтүкчүлөрдүн колунда. Иштегенине жараша жумасына 10 миңден 35 миңге чейин айлык алышат. Мыкты үтүкчүлөрдүн бири - Жоодарбек. Негизи, тигүү цехтеринде үтүкчүнүн дээрлик бардыгы эркектер.






"Өзүбүз Москвада иштечүбүз. Бир аз жүрүп кетебиз деп, карантинде кете албай калдык. Кудай кайсыл жерден ырыскы берсе, ошол жерден терип жеп жатабыз. Иштегенге жараша жумасына 10 миңден 35 миң сомго чейин тапса болот. Иштебей калсаң акча жок. Иш жок эмес, бар. Курулушта деле иштесе болот. Бирок ал жакта кара күч талап кылынат. Бул жакта жумушу жеңилирээк, акчасы жакшыраак дегендей".


Катар-катар кездемени тизип, жүздөгөн кийимди бир бычып берген бычмачылар да таңкыс. Бул ролду адатта эркектер аткарат. Бычмачы Азиз аялдар менен эркектердин курткаларын бычкан кыйын экенин айтат.




Пандемия Кыргызстанга эле эмес, дүйнө жүзүнө таасирин тийгизип, ишкерлер иштөө тартибин, ыкмаларын кайра кароого туура келип турган учур. Кыргызстандык ишкерлер өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр дагы таасирин тийгизип жатканын айтып жатышат. ЖИА ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров товарларды жеткирүү кыйла түйшүк жаратып жатканын ырастады. Ал тигүү тармагында сапат жылдан-жылга жакшырып Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Европа өлкөлөрүнө чыга баштаганын белгиледи.



"Жеңил өнөр жай тармагы толугу менен сырьену сырттан алып келип, бул жактан кайта иштетип чыгарып, даяр продукцияны Казакстан, Орусия, Европага чейин экспорт кылып жаткан учур болчу. Тилекке каршы, пандемияда Кытайдын чек арасындагы чектөөлөр жеңил өнөр жайга терс таасирин тийгизди. Буга чейин Казакстанда чектөөлөр көп болчу, азыр эми Орусиянын чек арасында дагы бизден өндүрүлгөн товарлар кармалып жаткан учурлар бар. Бул сезонду жоготуп коюу, айланган акчанын азайып кетишине алып келди. Тармактагы абал жакшы деп айтуу оорураак. Ошондой эле жумушчулардын жетишсиздиги байкалып, таңкыстыгы көйгөй жаратып жатат. Көп тикмечилер Орусияга иштегени кетип калышты. Экинчиден, бул тармакта башкаларда болбогондой социалдык төлөмдөргө беш жылдык мөөнөт менен жеңилдик берген. Ошонун негизинде бир топ ишканалар көмүскөдөн чыгып, ачык иштеп жатышат. Азыр массалык өндүрүштөн, сапатка басым жасап, Европа (Германия, Швейцария) базарына чыгып жатышат. Муну дагы сапаттын көрсөткүчү деп айтсак болот. Бирок акыркы көйгөйлөрдөн улам келишимдерди аткара албай, убагында жеткире албай  калгандар бар", - дейт Пакыров.






Тигүүчүлүк Кыргызстанда эле эмес КМШ өлкөлөрүндө да суроо-талап жогору кесиптердин бирине айланды. Кыргызстанда тикмечи керек деген жарнамаларды байма-бай көрүүгө болот. Анткен менен оңой-олтоң акча таба койо турган кесиптерге кирбейт. Ысык-суукта жылбай отуруп иштөө ден соолукка зыян экенин, өзгөчө көзгө, ички органдарга терс таасирин тийгизип, варикоз ооруларына алып келерин адистер белгилешет.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?


Невидимая угроза: врач Кутушов рассказал, как токсины попадают в вашу еду

Hilton Seychelles Northolme: с любовь к овощам

Названы новые рейсы из России в Таиланд: географию расширят на Самуи и Краби

Rochas, коллекция весна-лето 2025


Just hours left for thousands of hard-up households to get £100s worth of white goods or new boiler – how to claim now

Grisly suicide-pod tale blows up lies of ‘dignity’ in assisted suicide

Nottingham rampage victim’s families slam ‘shameful & arrogant’ BBC doc ‘too sympathetic’ to killer Valdo Calocane

Every time we go on holiday my husband ogles other women on the beach


Для ремонта дорог в Петербурге в 2025 году ищут подрядчиков

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

В Ленинском районе Крыма проверили бывших мигрантов, не вставших на воинский учет


Мафия-НН: Густой аромат армянского кофе наполнил воздух старательно украшенной гостиной.

Helldivers 2 players have been tasked with building the 'Democracy Space Station,' a 'gigastructure' of indeterminate firepower that will be aimed by literal democracy

New California law inspired by Ubisoft and Sony requires retailers to warn consumers that the digital games they buy can be taken away at any time

Elgato Game Capture Neo review



Токсиколог Кутушов рассказал, как не запутаться в витаминах D и D3

Как адаптировать коллектив к новым вызовам и изменениям

Невидимая угроза: врач Кутушов рассказал, как токсины попадают в вашу еду

Токсиколог Кутушов объяснил, что делать, если разбили ртутный градусник




Власти Грузии положительно оценили заявление Лаврова о Южной Осетии и Абхазии

Заммэра Ракова: самому возрастному москвичу исполнилось 108 лет

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?


Огромный Volkswagen Talagon представят на московской выставке CarX 2024

ТСД SAOTRON RT41 GUN: практичный, производительный, надёжный

РСХБ и Фонд «Экология» с начала года высадили более 70 000 деревьев

У давшего взятку главному кадровику МО Кузнецову изъяли имущество в Краснодаре


Пегула выбила Кудерметову с турнира WTA в Пекине

Первую ракетку мира подводят под срок // Всемирное антидопинговое агентство будет добиваться дисквалификации Янника Синнера

Рахимова обыграла Биррелл и вышла во второй круг WTA 1000 в Пекине

Томми Пол уступил Томашу Махачу во втором круге турнира ATP-500 в Токио


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Социальный фонд выплатит остатки материнского капитала менее 10 тысяч рублей

АГРОТУРИЗМ ПО-РУССКИ: В НАЧАЛЕ ПУТИ

Глава Якутии обсудил вопросы содержания федеральных трасс Колыма и Вилюй с руководителем Росавтодора

Покупка углеродных единиц подтверждает активное участие «Норникеля» в климатической повестке


Музыкальные новости

СМИ: гонорары Шнурова уменьшились вдвое

Режиссер Никита Михалков вновь прибыл в Забайкалье, чтобы встретиться с гостями фестиваля Олега Лундстрема

Певец Алексей Глызин призвал молиться о здоровье госпитализированного Добрынина

Токсиколог Кутушов объяснил, что делать, если разбили ртутный градусник



Токсиколог Кутушов объяснил, что делать, если разбили ртутный градусник

Токсиколог Кутушов рассказал, как не запутаться в витаминах D и D3

Токсиколог Кутушов назвал дефицит магния причиной проблем с пищеварением

Как адаптировать коллектив к новым вызовам и изменениям


Вашкевич: Cтараемся приблизить требования к тем, что ждут игроков в «Локомотиве»

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Росгвардейцы в Тюмени обеспечили безопасность Международных соревнований по спортивной борьбе и матча Чемпионата России по хоккею

Можно ли перевестись из одной автошколы в другую в процессе обучения?


Проверка подлинности автозапчастей: алгоритм

Вы просто поверьте: в сериале по мотивам советского хита «Москва слезам не верит» снимаются Иван Янковский, Андрей Максимов и Анастасия Талызина

Где найти запчасти на китайские авто?

ЦЕРЕМОНИЯ ПЕРЕДАЧИ КЛЮЧЕЙ РОСГВАРДЕЙЦАМ ОТ НОВЫХ АВТОМОБИЛЕЙ ПРОШЛА В САРАТОВЕ






Как адаптировать коллектив к новым вызовам и изменениям

Токсиколог Кутушов рассказал, как не запутаться в витаминах D и D3

Токсиколог Кутушов назвал дефицит магния причиной проблем с пищеварением

Невидимая угроза: врач Кутушов рассказал, как токсины попадают в вашу еду


Пресс-секретарь Зеленского: граждане РФ первыми узнают о разрешении Киеву бить вглубь России


Современные тренажёры и трибуна для зрителей: Большой парк для собак открыли на юге Москвы

Представители Росгвардии поздравили воспитанников центра спорта и образования «Самбо-70» с принятием торжественной клятвы

Локомотив – Оренбург: прогноз на матч 1 октября.

«Динамо» (Махачкала) — «Динамо» (Москва): когда начало, где смотреть онлайн матч 10‑го тура РПЛ, 29 сентября




Сергей Собянин рассказал, как город поддерживает экспорт в страны БРИКС


"Росатом" и Конго дорабатывают сделку по возобновляемой энергии и плавучим АЭС

Экокожа – это не кожзам! Достойная альтернатива кожаной обивке офисных кресел

«Желтый туман» над югом России: Песчаные бури доберутся до Москвы? Отвечает ФОБОС

Новосибирск вошел в топ-5 городов-миллионников по внедрению экологичного транспорта


Эксперты дали прогноз о стоимости жилья в Москве до конца года

В Дегунино перекрыли движение транспорта из-за пожара в ЖК

Тематическую карту «Тройка» выпустили в преддверии юбилея МГУ имени Ломоносова

АГРОТУРИЗМ ПО-РУССКИ: В НАЧАЛЕ ПУТИ


В Гидрометцентре прогнозируют температуру на 6-10°С выше нормы в нескольких регионах России

В пропавшем в Архангельской области вертолете находился депутат Сметанин

Прокуратура проверяет информацию о пропаже вертолета в Архангельской области

В Архангельске возобновилась реконструкция международного аэропорта в Талагах


Ретро-вечер «Джентльмен удачи – Савелий Крамаров»

Под Симферополем продолжается строительство нового крупного микрорайона

В районе Симферополя появится необычный жилой квартал

Прогноз погоды в Крыму на 29 сентября


«Верить в доступность платежа под ставку 22% глупо». Кто будет покупать квартиры в новостройках Севастополя?

Москвич пырнул ножом пассажира метро в поезде на «оранжевой» ветке

Эксперты по отношениям рассказали о способах забыть бывшего любовника

В столице выросло производство продукции химической отрасли












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Томми Пол уступил Томашу Махачу во втором круге турнира ATP-500 в Токио






В Оренбуржье житель Уфы отвлекся на телефонный звонок и спровоцировал ДТП

Как "коммерсант" из Минобороны ограбил Россию: Вскрылась сеть Тимура Иванова по прикрытию преступлений

В столице выросло производство продукции химической отрасли

В Москве при пожаре в ЖК на Ильменском проезде погиб мужчина