“Дордой” базарынын соодагерлери ККМге каршы акция өткөрүп жатат
Анда ишкерлер контролдук кассалык машиналарды орнотууга каршы экенин билдиришти.
“Бул кодекске азыр ишкерлер даяр эмес, анткени коронавирус болуп, көп чыгымдарга учурадык, ишибиз солгундады. Ушундай маалда ККМди киргизүү туура эмес. Балким кийинчерээк өтсөк болот, бирок азыр эмес. Жаңы кодекске ылайык, текшерүүчүлөр ар бир айда келет экен, бул коррупцияга жол ачат”, - дешти соодагерлер.
Алар менен жолуккан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ККМди киргизүүнү жылдыруу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылуу жасоо туура болорун, контролдук кассалык машиналарды колдоно электе каршылык көрсөтүү туура эмес экенин айтты.
Расмий маалыматта “Дордой” базарында 40 миңдей соода жайы, 55 миңге жакын жумушчу оруну бар экени айтылып келет.
22-декабрда Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борборунун соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгып, контролдук кассалык машинаны (ККМ) колдонууга каршы экенин билдиришкен.
Алар Салык кызматынын инспекторлору кассалык аппарат колдонбогону үчүн айып салып жатканын айтып, мурдагыдай эле патент ыкмасы менен иштөөнү талап кылган.
Салык кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча 29 миң 87 ККМ колдонулуп жатат. Мекеме контролдук кассалык машиналардын аппараттык жана программалык эки түрү колдонулуп жатканын билдирет.
Экинчисин тандаган ишкерлерге контролдук кассалык машинанын программасы бекер орнотулуп берилет, ишкер болгону чек чыгаруучу принтерди гана сатып алышы керек. 2331 пилоттук ККМ соода түйүндөрүнө акысыз орнотулуп, дагы Орусиядан 30 миңди алып келүү пландалып жатканын айтышкан.
Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.
Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 30-40% экени айтылып келет. (JsA\KKs)