Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2021

Күн, шамал энергиясы: мүмкүнчүлүк бар, колдонуу төмөн

0
Күн, шамал энергиясы: мүмкүнчүлүк бар, колдонуу төмөн

Кыргызстандагы энергетикалык каатчылык жана климаттын өзгөрүүсү өкмөттөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууну талап кылууда. Климаттын өзгөрүүсүнөн улам ири дарыялардагы суунун тартылып баратышы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин курчутту.

Кыргызстанда "жашыл энергияны" негизинен суудан, күндөн, шамалдан жана биомассадан алса болот. Бирок, калыбына келүүчү энергия булактары өнүктүрүү дагы деле турмушка ашпай келет.

Колдонуу бир пайызга жетпейт

Бишкектин Көк-Жар конушунун тургуну Бакыт Аскарбеков быйыл август айында үйүнө күн нурунан энергия алуучу жабдыкты алып келип орноткон. 3 киловаттык чатырлар өндүргөн электр тогу күчөтүүчү жабдыктын жардамы менен 5 киловаттка чейин жетет. Жабдыкты Орусиядан, ал эми кошумча инвектор, аккумуляторду Кытайдан сатып келген. Аккумуляторлор 4-5 саатка жетерлик энергияны чогултуп, сактай алат. Бакыт электр энергияны күндүз жабдыктардан алса, түнкүсүн өкмөттүкүн колдонот. Бул жабдык анын үй чарбасын электр энергиясы жана жылуулук менен толук камсыздайт.

"Жабдык 4500 долларга турду. Кыргызстанда электр энергиясынын наркы өтө төмөн болгондуктан, азырынча өзүн-өзү актоо жөнүндө сөз жок. Үйдөгү шаймандар энергияга байланыштуу болгондуктан, алардын коопсуздугу жана туруктуу иштеши үчүн койгом", - дейт Аскарбеков.

Энергетика министрлигинин эсептөөлөрү боюнча шамал станцияларынан - 44,6 млн. кВт/с, күн станцияларынан - 490 млн. кВт/с, биомассадан 1,3 млрд. кВт/с энергия алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок адистердин айтымында, Кыргызстанда альтернативдүү энергия булактарын иш жүзүндө колдонуу жалпы өндүрүлгөн энергетиканын 1% жетпейт.

Бакыт Аскарбеков калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө мамлекет кийинки кездери бир топ жакшы шарттарды түзүп жатканын айтат. Маселен, бул жаатта импорттолгон жабдыктарды бажы төлөмдөрүнөн, кошумча нарк салыгынан бошоткон, ири өндүрүүчүлөрдүн электр энергиясын милдеттүү түрдө сатып алат. Анткен менен мыйзамдагы айрым жетишпестиктер майда өндүрүүчүлөрдүн азыраак көлөмдөгү электр тогун сатуусуна шарт түзбөйт.

"Биз ашыкча өндүргөн энергиябызды мамлекетке сата албайбыз. Мыйзам боюнча 500 киловаттан жогору өндүргөндөр гана сатышат. Бизге окшогон 3, 5, 10 киловаттыктар өндүргөн электр энергиясын сата алышпайт. Ошол себептен да алдыга жакшы жылбай жатат. Мамлекет тарабынан ушундайларга да шарт түзгөн чечим болсо иш бир топ алдыга жылып, баасы дагы да төмөндөмөк. Анда аккумулятору жок эле колдонуп калышмак. Күндүзү ар бир чатырдан өндүрүлгөн электр энергиясын жалпы тутумга кошуп, керектүүсүн кечинде кайра ала алса, актоо мөөнөтү да кыскармак. 6-7 жылда өзүн актап алса, андан кийинки 20 жылда ошол үй-бүлөнүн чакан бизнеси болуп кала бермек".

Бакыт күн жабдыктарын башкаларга да орнотуп берет. Айтымында, кийинки кездери мындай жабдыктарды орнотууга кызыккандар көп болуп жатат. Негизинен 3-5 киловаттык чатырларды көп алып атышат. Чоңураактарын, 50-100 киловаттыктарын коюуну каалагандар да бар. Бирок, мамлекет мындай азыраак көлөмдө өндүрүлгөн электр энергияны сатып албагандыктан, алар чоңураак станцияларды курууга батынышпайт. Мисалы, айрым ишканалар кышында 1-2 айга өзүнө электр энергиясы керек болгондо иштетип, андан кийин 10 ай бою станциясы жөн эле туруп калат.

"Жашыл энергия" рыногундагы алгачкы ишкердик

Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында "Бишкек Солар" компаниясы күндүн нурунан энергия алуучу ири станция курганы жатат. 300 МВт/с кубаттуулуктагы бул станция 500 гектар аянтка курулмакчы. Компания учурда энергетика министрлигинен уруксат кагаздарын алып, техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдап жатат. Аны курууга 300 млн. долларга чейин инвестиция салынат.

Компаниянын жетекчиси Азамат Искенбаев жаңы жылга чейин станциянын алгачкы бөлүгү ишке киргизүү пландалып жатканына токтолду.

"Азыр энергетика тармагында аябай эле кооптуу жагдайлар жаралып жатат. Калыбына келүүчү энергия булактары Кыргызстанды энергетикалык кризистен алып чыгуучу жолдордун бири. Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу сууларыбыз азайып кетти. Ошондуктан ири инвесторлор биздеги үлкөн гидроэнергетикалык долбоорлорго салым жасабай жатышат. Мамлекет бизден электр тогун сатып алат. Мындан тышкары, ишканаларга түз сатууга да мүмкүнчүлүктөрүбүз бар", - деди ал.

Искенбаевдин айтымында, күн чатырлары өндүргөн электр энергиясынын өздүк наркы кичи жана ири ГЭСтердин энергиясына караганда 3 эсеге чейин арзан болмокчу. Эсептөөлөр бул долбоор 7-9 жылда өзүн актаарын көрсөтүүдө.

Укуктук база жана көйгөй

Кыргызстан 2008-жылы "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзам кабыл алган. Бул мыйзам өлкөдөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүнү жана колдонууну жөнгө салган алгачкы укуктук документ болгон. Мыйзам буга чейин бир нече жолу өзгөртүлгөнүнө карабай, иштөө механизми так белгиленген эмес.

Мындан улам “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө” жобо иштелип чыгып, 2020-жылдын 15-ноябрында күчүнө кирген. Энергетика министрлигинен уруксат алган компаниялар бул жаатта расмий ишмердик жүргүзө алат. Кайра жаралуучу энергия булактарын жана энергосарамжалдуулукту өнүктүрүү борборунун директору Татьяна Веденева жаңы эреже өлкөдөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөөрүн айтат.

"Жобого ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактарынан электр тогун өндүрүү үчүн жеке жана юридикалык жактар Энергетика министрлигине барып талап кылынган документтерди, техникалык-экономикалык негиздемени тапшырат. Министрлик аны бул жаатта иштөөчү субъект катары каттайт. Документте энергиянын кайра жаралуучу булактарынан электр тогун өндүрүү жана сатуу боюнча так жол-жоболор жазылган. Азыр мамлекет бул тармакта иштеген өндүрүүчүлөрдү колдоого алып жатат. Тагыраагы, учурдагы эң жогорку тариф болгон 2,52 сомду 1,3 коэффициентке көбөйтсөк 2,92 сом болот. Бул мамлекет кайра жаралуучу энергияны өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу баа".

Энергиянын кайра жаралуу булактары ассоциациясы 2020-жылдын декабрь айында шамалдан энергия өндүрүүчү жабдыктарды алып келген. Мыйзам чийки болгондуктан Салык кызматы аларды жабдыктаран кошумча нарк салыгын төлөтүп алган. Кийин бийликке кайра-кайра түшүндүрүүнүн жыйынтыгында, өзүнүн керектөөсүнө колдонуу үчүн алып келгендерди кошумча нарк салыгынан бошотууга жетишкен. Ассоциациянын жетекчиси Кундуз Кырбашева мыйзамдагы кемчиликтер жана бийлик тепкичтериндеги бюрократия жабдыктарды алып келип жаткандарды бир топ убаракерчиликке салып жатканын айтат.

"Президент, Министрлер кабинети энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө аракеттерин жасап атышат. Бирок аким, айыл өкмөттөргө улам төмөн түшкөн сайын ишкерлер үчүн аларга түшүндүрүп берүү аябай кыйын болууда. Анткени жер маселесин ошолор чечишет. Ошого келгенде эле түшүнбөстүктөр жаралып, жер мыйзамдарын өздөрү каалагандай айтышат. Кат алмашуу менен эле алек болуп жатабыз", - деди Кундуз Кырбашева.

Күн энергиясын колдонгон Бакыт Аскарбеков мамлекет азыркы укуктук базаны дагы да ийкемдүү кылып ар тараптуу чечимдерди кабыл алса энергокризисти басаңдатууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачыла турганын айтат.

"Эки-үч эле механизм керек. Биринчиси, майда өндүрүүчүлөргө да уруксат берилиши зарыл. Экинчиси, "жашыл технологияларды" жайылтуу үчүн жеңилдетилген үстөк менен берилүүчү банктык чечимдерди иштеп чыгуу керек. Үчүнчүсү, мамлекет майда өндүрүүчүлөрдөн да электр энергиясын кепилденген наркта сатып алса. Ушундай чечимдер мамлекеттин энергокризистен чыгып кетүүсүнө жакшы жолдорду ачмак", - деди Бакыт Аскарбеков.

Климаттын өзгөрүүсү жана энергетикалык каатчылык

Өлкөдөгү эң ири гидроэлектрстанция Токтогул каскадында быйыл суу өтө тартыш. Декабрь айынын башында суу сактагычта 11 млрд. метр кубга жетпеген суу калган. Мындай жагдай өлкө жетекчилигин жана адистерди абдан кооптондурууда. Сууктун түшүшү менен электр энергиясын колдонуу күнүнө 70 млн. кВт/с жетүүдө. Жылуулук мезгили ушундай темп менен жыйынтыкталса Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 6 миллиардга чейин түшүп кетиши ыктымал.

Кырдаалдан чыгуу үчүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо боюнча бир катар келишимдер түзүлгөн.

Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү - 142,5 млрд. кВт/с. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия менен Тажикстандан кийинки 3-орунда турат. Бирок, энергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 10%ын гана өздөштүрүп келет.

Мындан улам Кыргызстан энергиянын жаңы булактарын өздөштүрүүнү тездетүүгө киришти. Өкмөт бул жаатта негизинен майда дарыяларга кичи ГЭСтерди куруп, өлкөнүн суу ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттырууга көп көңүл бурууда.

Эксперттер энергетика тармагын либералдаштыруу өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө да түрткү болоорун айтышат. ЮНИСОН коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурзат Абдырасулова энергияны өндүрүүдө ички инвесторлорго шарт түзүү зарылдыгын баса белгилейт:

"Биз азыр суу жок калса эле, электр энергиясын кайдан импорт кылууну ойлоп калабыз. Коңшу өлкөлөрдөн кымбат баада сатып алабыз. Ошол эле учурда ички инвесторлорду колдоп, алар кайра жаралуучу энергияны өндүрүп сатса жакшы болмок. Бир жагынан рыноктогу акча өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам берсе, экинчи жагынан энергетикалык коопсуздукка жетишмекпиз. Мындан тышкары, чыккан энергиянын түрү канчалык көп болсо, энергетика рыногу ошончолук либералдашып, көп түрдүүлүккө алып барат. Элде тандоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт".

Өкмөт кичи ГЭСтерди көбөйтүүгө кызыкдар

Адистер салттуу эмес энергетиканы өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу багыттарынын бири катары микро жана кичи ГЭСтер аркылуу чакан агымдардын энергиясын колдонууну эсептешет. Бул бир жагынан мындай агымдардын олуттуу потенциалы менен түшүндүрүлсө, экинчи жагынан аймактагы ири дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалынын түгөнүп баратышы менен негизделет.

Татьяна Веденева Кыргызстан кичи ГЭСтерди иштетүүдөгү тарыхый тажрыйбасына кайра кайтуу зарылдыгын айтат:

"Кичи ГЭС бир топ жолго салынган технология. Кыргызстандын энергосистемасы өткөн кылымдын ортолорунда кичи ГЭСтерге негизделип курулган болчу. Ал кезде күн технологиясы өтө кымбат эле. Өлкөдө 250дөн ашуун кичи ГЭСтер калктуу конуштарды электр тогу менен камсыздап келген. Кийин ири ГЭСтер курулганда, кичи станциялар бузулуп же токтоп калган. Азыр биз ошол кичи ГЭСтерге жана башка технологияларга кайра кайтышыбыз керек. Алардын баасы арзандап калды. Ошондуктан, кичи ГЭСтерди эле эмес, шамал менен күндөн да энергия өндүрүү толук мүмкүн болуп калды".

Республикада азыр 19 кичи ГЭС бар, алардын жалпы кубаттуулугу 54 МВтка жетет. Энергетика министрлигинин маалыматында, 2021-2022-жылдары Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында кичи ГЭСтер курулууда. Чүй менен Таласта дагы ушундай гидроэлектрстанцияларын курууну пландайт. Курулуп жаткан жалпы кубаттуулугу 100 МВттан ашык болмокчу.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, кичи гидроэнергетика тармагы жылына 5-8 млрд кВт/с электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок, ага карабай, өлкөдөгү кичи дарыялардын гидроресурстарын өздөштүрүүнүн көлөмү 1,27% гана болууда. Кичи дарыялардын жалпы потенциалы болсо 1 млрд. кВттан ашат.

Кыргызстанда 71 кайра жаралуучу энергия булактарынын субъекттерине Энергетика министрлигинин күбөлүгү берилген. Аларга 68 кичи ГЭС, 1 күн станциясы, 1 шамал мачтасы жана 1 сүзүүчү фото-электростанциясы кирет.

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында, өкмөттүн жалпысынан 130 кичи ГЭСтерди куруу планы бар.

"Биз түзгөн реестр боюнча 130 кичи ГЭС курууга болоору белгиленген. Бул биздин адистерибиздин көз караштары менен, ыңгайлуу шарттарда курулуучу ГЭСтердин тизмеси. Бирок, андан дагы көп курса болот. Кичи ГЭСтен өткөн суу кайра эле өз нугу менен кете берет".

ГЭСтер менен ЖЭБдерди куруу

Өкмөт кичи ГЭСтерди көбөйтүү менен катар, Камбарата-1 ГЭСи, Жогорку Нарын, Суусамыр-Көкөмерен, Казарман каскаддары өңдүү ири гидроэнергетикалык объекттерди курууга да кызыкдар экенин билдирип келет. Бул курулуштар өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрөт деп ишенет өкмөт.

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев ири жана кичи ГЭСтерди куруунун актуалдуулугу күн тартибинде турганын айтат. Ал эми экологияга зыян келтирбөө үчүн ЖЭБден электр энергиясын өндүрүүнү азайтуу зарылдыгын белгилейт.

"Жетпеген энергияны кичи ГЭСтерден, күндүн энергиясынан жана ири ГЭСтерден алабыз. Иш-чараларыбызда ЖЭБдин бүгүнкү күндөгү иштеп жаткан режимин сактап калып, аны күчөтпөй, тескерисинче ал жактан өндүрүлгөн энергияны азайтуу аракеттери бар", - дейт Айталиев.

Мурдараак министр Доскул Бекмурзаев электр энергиясын көбөйтүү үчүн Бишкек менен Кара-Балтада эки ЖЭБ курууга белсенип жатканын билдирген болчу.

"Эмдиги жылы Бишкек ЖЭБ-2ни куруу планыбызда бар. Бүгүн эрте менен президент ал жерге барып эл менен жолугуп келди. Санитардык аймак жана башкалар боюнча маселелерди такташып алдык. Кудай буюрса, Кара-Балтада да ЖЭБ курууну пландап жатабыз. Алдын ала айткым келбейт, сүйлөшүүлөр, кол коюулар да болду. Иш башталса 2022-жылдын ичинде биз жок дегенде 300-400 МВт кубаттуулукту киргизишибиз керек".

Айта кетээр жагдай, Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым райондорундагы кышкы көк түтүндүн капташында жеке турак-жайлар 40% болсо, Бишкек ЖЭБдин салымы 30%ды түзөт. Экологдор абага чыгарылган эмиссияны азайтуу боюнча тынымсыз коңгуроо кагып келишет.

Ал эми Камбар-Ата-1 сыяктуу ири каскаддарды куруу зарылдыгы курч турганы менен, анын чыгымы көп болоорун айтышат эксперттер. Экологиялык коопсуздук жана экономикалык сарамжалдуулуктун алкагынан караганда жер-жерлерде кичи ГЭСтер менен күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү кыйла максаттуу болот.

Кыргызстан электр энергиясын ысырап колдонуу жагынан дүйнөдө 15-орунда турат. Кыргызстанда энергиянын 40% ашыгын имараттарды жылытууга колдонушат.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды геотермалдык жылытууга өткөрүү долбоорун баштай турганын жарыялаган. Бирок, бул демилге азырынча даярдоо стадиясында, мөөнөтү жана ишке ашыруу механизмдери азырынча белгисиз.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Обложка песни. Обложки альбомов песен. Сделать обложку для песни.

Синоптики спрогнозировали тепло до +28 и грозы в Московском регионе 28 июля

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: За полгода 14,9 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг


Обложка песни. Обложки альбомов песен. Сделать обложку для песни.

Blankspot: Арест Игбала Абилова очередное преступление бакинского диктатора Алиева. После войны в Нагорном Карабахе положение талышей в Азербайджане ухудшилось

Советская Москва в 1967 году

Iris van Herpen haute couture осень-зима 2024


Meet Adam Peaty, British swimming hero and three-time Olympic champ returning for Paris 2024 after extended break

Meet Rayssa Leal: 16-year-old ‘Little Fairy’ of skateboarding hoping to go one better at Paris 2024 Olympics

Technology’s grip on modern life is pushing us down a dimly lit path of digital land mines

IWF signs off “state-of-the-art” training facilities for the Paris 2024 Olympics


БФТ-Холдинг и компания Merlion подписали соглашение о сотрудничестве

Чуть дешевле 2 млн рублей — представлен новый китайский кроссовер для России

«Байкал Сервис» отправил почти 2,5 млн документов по ЭДО

Беспилотные трамваи начнут ездить по Москве и Санкт-Петербургу


Blizzard politely tells Hearthstone players their game isn't dead just because it's not getting a new cosmetic board this expansion

Приключение-головоломка Arranger вышла на смартфоны и PC

Arena Breakout празднует 1 годовщину новой картой, игровым режимом и наградами

Activision secretly experimented on 50% of Call of Duty players by 'decreasing' skill-based matchmaking, and determined players like SBMM even if they don't know it


Касети для розсади: як вони допомагають


«Душевная» гастрономия от Waldorf Astoria Seychelles Platte Island

Вторая жизнь пальм и вещей в Angsana Velavaru

Отделение СФР по Москве и Московской области проактивно открыло свыше 32 тысяч СНИЛС новорожденным

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: За полгода 14,9 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг




Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: За полгода 14,9 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Студенты из разных регионов России отправились в экспедицию на Мезень

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Отделение СФР по Москве и Московской области проактивно открыло свыше 32 тысяч СНИЛС новорожденным


Навстречу совершенству: «Лайф Строй» – эксперт в искусстве создания идеального дома

Ефимов: Город предоставил инвестору участок для строительства производственного комплекса в Очаково-Матвеевском

На Урале мальчик пропал после шутки пьяной бабушки о том, что он приемный

Финал чемпионата России по эндуро прошел в Зарайске


Даниил Медведев победил в первом круге олимпийского турнира по теннису

Медведев и Андреева сыграли микст на Олимпиаде-2024 в Париже

Карлос Алькарас и Рафаэль Надаль выиграли первый матч на Олимпиаде в Париже

Теннисистка Веснина показала свою форму на Олимпийские игры в Париже


Следком завел уголовное дело о халатности после жалоб на мигрантов в Одинцово

Самарская область попала в рейтинг регионов России по перспективности трудоустройства

Подрядчик из Москвы восстановит горевший дом по ул. Войкова в Томске

Подмосковное УФАС признало ООО «Стандарт» нарушителем закона о рекламе


Музыкальные новости

Лидер группы «Агата Кристи» Самойлов выступил в пьяном виде в Красноярске

Денис Мацуев представил в Сириусе авторский проект Crescendo

Рэпер Тимати потребовал вернуть соосновательницу Wildberries Бакальчук в семью

Певица Кристина Орбакайте опубликовала фото с дочерью



«Душевная» гастрономия от Waldorf Astoria Seychelles Platte Island

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: За полгода 14,9 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Отделение СФР по Москве и Московской области проактивно открыло свыше 32 тысяч СНИЛС новорожденным

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие


Activision secretly experimented on 50% of Call of Duty players by 'decreasing' skill-based matchmaking, and determined players like SBMM even if they don't know it

Нервный импульс. Томские микрохирурги вернули 59-летнему жителю Германии эрекцию

Бастрыкин потребовал доклад об отравлении рабочих на стройплощадке в Екатеринбурге

Обложка песни. Обложки альбомов песен. Сделать обложку для песни.


Три человека пострадали в ДТП на Новоарбатском мосту

Один человек пострадал в ДТП с фурой и краном на юго-западе Москвы

Цена нового внедорожника Haval H9 в России стала известна.

Перевозка грузов рефконтейнерами


Пентагон не стал комментировать заявление Путина об ответе на размещение ракет США в ФРГ

Александр Дюков: 90% установок на Омском НПЗ новые установки

В мерах против Германии Россия ставит на гиперзвук

Руководитель Департамента СМИ и рекламы Иван Шубин награжден орденом Дружбы





Сеть клиник «Будь Здоров» займется разработкой инициатив по укреплению здоровья работающего населения

Врач Соломатина: обычную еду не заменить белковыми коктейлями

Врач Кондрахин: приступ тахикардии поможет остановить прием валокордина

Врач Чернышова: при магнитных бурях могут появиться резкие перемены в настроении



Финал чемпионата России по эндуро прошел в Зарайске

Модели из Москвы приписывают роман с чемпионом Европы по футболу Ямалем

Росгвардейцы обеспечили безопасность на футбольном матче «Динамо» - «Локомотив» в Москве

В ТРЦ «Ривьера» прошла развлекательная программа по мотивам «Команды МАТЧ»




Собянин сообщил, какие мосты, тоннели и переходы отремонтируют до конца года

Сергей Собянин рассказал о развитии района Марьина Роща

Сергей Собянин. Главное за день

Собянин рассказал о высокотехнологичных операциях в московских больницах


Кажетта Ахметжанова отдыхает в Якутии и делится местами силы

Штаб общественной поддержки ЕР на выборах в МГД обсудил защиту водоёмов Москвы

В штабе общественной поддержки ЕР обсудили проекты сохранения прудов Москвы

Ежемесячную денежную выплату получают более 1,6 млн пострадавших от радиации


Трамп обвинил ОПЕК в попытке снизить цены на нефть для победы Харрис на выборах

Самарская область попала в рейтинг регионов России по перспективности трудоустройства

Пенсионеров Красноярского края приглашают поделиться интернет-достижениями

Следком завел уголовное дело о халатности после жалоб на мигрантов в Одинцово


В Архангельске завершился XII фестиваль духовых оркестров «Дирекцион-Норд»

Фестиваль военных духовых оркестров одновременно открылся в трех городах Поморья

Первые заморозки возможны в августе в России

В Поморье стартовал двенадцатый «Дирекцион-Норд»


Утром в Симферополе рейсовый автобус насмерть сбил пенсионерку

Выставка исторической памяти «В гости к нашим далеким предкам» ко Дню Крещения Руси и Дню памяти равноапостольного Великого князя Владимира

В Симферополе осужден местный житель, избивший посетителя кафе

В Симферополе стартует выставка производителей домов ХВОЯ 2024


Навстречу совершенству: «Лайф Строй» – эксперт в искусстве создания идеального дома

Самарская область попала в рейтинг регионов России по перспективности трудоустройства

Финал чемпионата России по эндуро прошел в Зарайске

Новый детский сад откроют в ЖК «Измайловский лес» в Балашихе к 1 сентября












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев и Андреева сыграли микст на Олимпиаде-2024 в Париже






Трамп обвинил ОПЕК в попытке снизить цены на нефть для победы Харрис на выборах

Пенсионеров Красноярского края приглашают поделиться интернет-достижениями

Следком завел уголовное дело о халатности после жалоб на мигрантов в Одинцово

Финал чемпионата России по эндуро прошел в Зарайске