Ысык-Көлдө эки адамды бычактады деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
5-январда Балыкчы шаарынын ооруканасына бычакталган эки жаран түшкөн. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 28 жана 30 жаштагы эки жаран кармалган.
Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, "Адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүү" беренеси менен кылмыш иши тергелип жатат.
Былтыр октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин билдирген. (МТа)
