Добавить новость
ru24.net
World News
Июль
2022

Карабак: Баку Москваны макулдашуу шарты аткарылбай жатканына айыптады

0
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусия Тоолуу Карабакка байланыштуу "тынчтык келишиминин кепилдигин бузганын" билдирди.


Ал Армения бул региондон аскерлерин алып чыгып кетпей жатканын айтты. Алиев бул Москванын ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу декларациясында жазылганын, анын аткарылышына орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү аракет кылбай жатканын белгиледи.



Азери президентинин билдиришинче, бир канча ай мурда Бакуга Орусиянын Коргоо министрлигинин таасирлүү өкүлү келип кеткен жана ал Армения аскерлерин аймактан июнь айына чейин чыгарып кетерин убада кылган.


Алиев эгер Ереван макулдашуудагы бул жобо аткарылбаса, ага тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.



Буга байланыштуу расмий Москва азырынча комментарий бере элек.



Тоолуу Карабак аймагына жана анын айланасындагы райондорго байланыштуу 2020-жылдын күзүндө чыккан алты апталык согуштан бери Кавказдагы бул эки коңулаш мамлекеттин алакасы чыңалып турат.



Чек ара аймактарында утур-утур кагылышуулар орун алып, эки тарап мындай окуяларга бири-бирин айыптап келет. Чыңалууну басаңдатууну көздөгөн дипломатиялык аракеттерден толук майнап чыга элек.



Дээрлик 30 жыл бою этникалык армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабак аймагын эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныйт. 2020-жылдагы согуштан кийин Тоолуу Карабактын бир бөлүгү жана анын айланасындагы райондор Азербайжандын карамагына өткөн. Москва арачылык кылган ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, аймакка эки миңдей орусиялык аскерлер мониторинг кылуу максатында жөнөтүлгөн.



Өткөн аптада армян премьер-министри Никол Пашинян Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайрылып, "Азербайжан тараптан туулуп жаткан жаткан коркунучтарды" жөнгө салуу үчүн өз өлкөсүнө жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA официально приняла решение по Рыбакиной






Ленинск-Кузнецкая школа №2 признана одной из самых экологичных школ России

В Москве задержан многократный чемпион РФ по легкой атлетике Толстихин

Теневая операция России: "Владимир Владимирович задачу поставил, мы её выполнили". Разуваев напомнил детали

СЕНСАЦИЯ ПРО "Z" И "Аз" В НЛП СВО. СПАСЕНИЕ ОТ ДЕНУКЛЕАРИЗАЦИИ! ДОРАБОТКА РАКЕТЫ "ОРЕШНИК". В.В. Путин, Дональд Трамп. Новости. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!