Добавить новость
ru24.net
World News
Март
2023

Президент Толкунбек Абдыгуловду кызматынан чакыртып алды

0
Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматынан чакыртылды. Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" ырастады.



Толкунбек Абдыгулов 2021-жылы сентябрда президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болгон.  Улуттук банктын төрагалыгынан кетүү тууралуу арыз жазган.



Ага чейин Улуттук банкты 2014-жылдан 2021-жылга чейин жетектеген. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.



Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 3-февралда "Керемет Банкка" 8 млрд. сомдон ашуун акчаны мыйзамсыз салуу фактысы боюнча Улуттук банктын башкармалыгынын Т.Ж аттуу экс-мүчөсү кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин жарыялаган.



Шектүү 2013-жылы Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлүгүнө дайындалып, 2020-жылы бул кызматтан бошотулган.



Улуттук банкты 2011-жылдан 2014-жылга чейин Зина Асанкожоева, 2014-2017-жылдары Толкунбек Абдыгулов жетектеп, аны төрт айга Кубанычбек Кулматов алмаштырып, Абдыгулов кайра 2021-жылга чейин экинчи ирет бул кызматта отурган.


УКМК "Керемет Банкка" 8 млрд. сомдон ашуун акча инвестициялоо чечими кимдин учурунда чыкканын так көрсөткөн эмес. (КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса