Кыргыз милициясы Бишкек жана Чүйдөгү 18-майга караган түндөгү окуяларды териштирип-иликтөөнү улантып жатат. Милициянын маалыматы боюнча ал түнү Бишкектеги алты жатакана жана Чүйдөгү бир тигүү цехине барып, ал жайлардагы чет элдиктерге кол көтөрүү болгон.