Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келди. Ал Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалып жатат.