Арстанбапта болгон сел боюнча кызмат адамдарына иш козголду
Аларга мыйзамсыз аракети менен мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген айып тагылууда. Кызмат адамдары ким экени, аты-жөнү ачык айтылган жок.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берип жибергени аныкталган. Кийин Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода жайлары курулган.
23-июлда болгон селден Арстанбап-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен ички чарбалык жолдордо сел жүрүп, имараттарды, соода объектилерди жана турак жайларды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал түзүлгөн.
Арстанбап айылында 23-июлда катуу сел жүрүп, 23 машинени агызып кеткен. Андан тышкары үйлөрдү, имараттарды, көпүрөлөрдү суу каптаган. (BTo)