Бишкекте эне-бала бараткан таксини сүзгөн айдоочу кармалды
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жол коопсуздугун жана транспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузган шектүү кармалганын бүгүн, 19-октябрда кабарлады.
Кырсык 17-октябрда болгон. Болжол менен саат 23:00 чамасында, “Хундай-Соната” үлгүдөгү автоунаанын 1989-жылы туулган И.Д. аттуу айдоочусу түштүктөн түндүк тарапка бара жатып, батышты көздөй 2004-жылы туулган А.И., 2004-жылы туулган А.И. айдап келаткан “Тойота-Ярис” үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 312-беренесине ( Жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголду.
"Такси кызматында эмгектенген, “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1989-жылы туулган И.Д, 2024-жылдын 17-октябрында саат 22:56 чамасында, Бишкек шаарынын даректеринин биринен чакыруу кабыл алып, 1990-жылы туулган А.А. жана 2015-жылы жашы жете элек баласы Э.Э., менен көрсөтүлгөн дарекке кетишкен. Алар А.Масалиев проспектисинен батыш тарапты көздөй келе жатып, 1989-жылы туулган И.Д., айдоочусу жол чырак жашыл күйгөн мезгилде сол тарапты көздөй бурулган учурда, “Тойота-Ярис” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 2004-жылы туулган А.И., чыгыштан батышты көздөй айдап чыгып, А.Масалиев жана А.Бакаев көчөлөрүн кесилишинде жол кырсыгына кабылганы аныкталган", - деп жазылган маалыматта.
Жол кырсыгына кабылган Акбаева Алтынай Бажы кызматынын капитаны болгон. Маркум 1990-жылы 8-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 2013-жылдын 29-июлунан тарта бажы органдарында иштеген.
Маркумду тааныгандар анын артында эмчектеги баласы калганын жазышты. (КЕ)
