Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммити өтөт
Азымбакиевдин айтымында, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүп, кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлары пландаштырылды.
Эрдоган 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммитине катышат. Мындан сырткары уюмга мүчө мамлекеттердин – Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандын башчылары жана байкоочу өлкөнүн жетекчилери катышат.
Президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 5-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келип, ТМУнун жыйынына катышарын билдирди.
Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилгеси менен Анкарада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет. (TSh)