Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Казакстанда журналисттерди чектеген эрежеге каршы сот башталды

0
Казакстанда бийликтин журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) каттоого алуу боюнча жаңы эрежелерине каршы доо арыз сотто каралууда. Астананын район аралык соту журналисттердин Казакстандын Маданият жана маалымат министрлигине каршы доо аразын кароого 31-октябрда киришти.


Сотко кайрылган журналисттер жаңы эрежелер өлкөдөгү сөз эркиндигин, кабарчылардын тоскоолдуксуз иштөөсүн чектей турганын айтып жатышат. Ал эми министрликтин өкүлдөрү эч кандай чектөө жок экенин билдиришти.


Министрликтин жаңы эрежелер тууралуу буйругун жокко чыгаруу талабы коюлган арыз менен сотко журналисттер тобу октябрь айынын ортосунда кайрылган.


Сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келе жаткан "Адил сөз" укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө айтылгандай, негизги маселе аккредитация шарттарына байланыштуу болууда. Анткени жаңы эрежеде кабарчы кайсы ЖМКнын атынан аккредитация болсо, мамлекеттик органдан алган маалыматын ошол платформага гана жарыялоого укуктуу экени, эгер мындай талапты эки жолу бузса алты айга чейин аккредитациядан ажырай турганы жазылган. Мындай талап, укук коргоочулардын айтымында, Казакстандын Конституциясына да, медиа боюнча мыйзамга да каршы келет.


Маданият жана маалымат министри Аида Балаева соттук териштирүү тууралуу суроого жооп бергенде журналисттердин сотко кайрылуусу алардын жеке конституциялык укугу экенин айтты жана министрлик өз позициясын коргоону улантарын белгиледи. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Соколиная» охота: команда Рублева взяла титул на World Tennis League






Начата реализация проекта газопровода из России в Китай через Казахстан (КАРТА)

Роман Береснев избран главой администрации Россошанского района

Депутат Матвеев напомнил, что в России запрещен коловрат, похожий на свастику

Новогодние гуляния