Ливан Бейруттун чет жакасындагы он чакты жер чабуулга кабылганын билдирди
Израилдин аскердик учактары Бейруттун жанындагы Гобейри жана ал-Кафаат райондорун, Сайед Хади шоссесин, ал-Мужтаба комплексинин чет жакасын жана аэропортко кетүүчү эски жолду бутага алышканы кабарланды.
"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.
AFP TV жарыялаган видеолордон жарылуу болгон жерлерди түтүн каптап жатканын көрүүгө болот.
"Сокку урулган райондор өтө көп кыйроого учурады, ондогон имарат тыптыйпыл болду, кээ бир жерлер өрттөнүп жатат", - деп билдирди Ливандын расмий маалымат агенттиги.
Бир күн мурда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын расмий өкүлдөрү менен жолугуп, Ливандагы атышууну токтотуу боюнча келишим ыктымалдыгын талкуулаган, анткени чек аранын эки тарабында тең каза тапкандар көбөйүүдө.
2023-жылы 7-октябрда Израил Газа тараптан АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган.
Ошондон бери Газада 43 миңдей, Ливанда 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо.
АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.
"Хезболла" жаңы лидери кылып буга чейинки жетекчиси, Израилдин Бейруттагы 27-сентябрдагы соккусунан мерт кеткен Хасан Насралланын орун басары болгон Наим Кассемди дайындаганын 29-октябрда маалымдаган.(RK)