Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

12 жылдык билим берүү системасы: Балдар мектепке 6 жашынан барат

0
Министрлер кабинети 30-октябрда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча концепцияны бекитти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.


Ага ылайык, мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. Балдар мектепке 6 жаштан тартып бара баштайт, нөлүнчү класс биринчи класс болуп эсептелет. Концепция боюнча 12 жылдык билим берүү жаңы эрежелерге мугалимдерди даярдоо, окуу стандарттарын жана программаларын түзүү, ыңгайлаштыруу, мектептердин инфраструктурасын жаңылоо болуп отуруп бир нече жылдын ичинде толук ишке ашат.


2025-жылга чейин билим берүү стандарттары, программалар жаңыланат, мугалимдер окуудан өтөт. 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт.



2025/2026-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
2026/2027-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.
2027/2028-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт. Ошентип, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрө баштайт.


12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет.


Ушул тапта өлкөдө 2 377 мектеп бар, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Анда баш-аягы 1 миллион 491 миң бала билим алат. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

«Я больше не хочу видеть этот корт». Рыбакина сделала откровенное признание






Золото на пике: стоит ли вкладывать, когда унция превышает 3 250 долларов?

РАСКРЫТЫ ПЛАНЫ "теневых правительств" КИТАЯ И ЯПОНИИ ЗАХВАТИТЬ РОССИЮ И США. СЕНСАЦИЯ! Новости! В.В. Путин, Дональд Трамп. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Нагиев стоит дешевле. Чем жадный Лепс балует свою 19-летнюю невесту

Стали известны детали появления надписи на стене Цоя в честь Паши Техника