Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Саясатчы Бекназаровдун абактагы мөөнөтү 2-январга чейин узартылды

0
Биринчи май райондук соту 1-ноябрда камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров кабарлады.


12-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген.


Саясатчы Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Ал өзүнүн кармалышын саясий негизде деп эсептей турганын сотто билдирген.




Саясатчы абактан президентке кат жазып, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын кабарлаган.


68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматтарын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан.


Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазып, соттук териштирүү 6-августтан бери өтүп жатат. Бүгүн, 1-ноябрга белгиленген отурум Бекназаровдун жактоочусу келбей калгандыктан 15-ноябрга жылдырылды. (TSh)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой на турнире в Дохе






Открыта продажа билетов на поезда калининградского направления на майские праздники

На Сахалине возле смотровой площадки на сопке обнаружили тело женщины

Москвич едва не попал в тюрьму в Казахстане, пытаясь вернуть угнанный Mercedess

За прошедшую неделю подмосковные росгвардейцы выезжали более 1700 раз по сигналам «Тревога» с охраняемых объектов