Грузияда камакта отурган азербайжандык кабарчынын абак мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн 1-ноябрда "Азаттыктын" грузин кызматы жазды.
Азербайжандын президенти Илхам Алиевди сындап жүргөн, Грузияда расмий Бакунун өтүнүчү менен кармалып, камакка алынган журналист Афган Садыговдун камактагы мөөнөтүн Тбилиси шаардык соту дагы үч айга узартты. Судья Арсен Калатозишвили мындай чечимин журналисттин аны күрөөгө же көзөмөл алдына бошотуу тууралуу өтүнүчтөрүнө карабастан кабыл алды.
Мекенинде Садыговго опузалоо жана коркутуп-үркүтүү тууралуу айыптар тагылган.
42 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан журналисттин ден соолугу начарлап кеткендиктен бүгүнкү сот отурумуна аны майыптар арабасына отургузуп алып келишти.
"Мен эч качан кылмыш жасаган эмесмин. Болгону Алиевди сындагам жана анын мыйзам бузууларын ашкерелегем", — деди Садыгов сотто.
Садыговду быйыл 3-августта Грузиядан чыгып кетип бара жатканда кармашкан. Бул өлкөгө ал 2023-жылы декабрда башпаанек издеп барган. Өзү жана тарапташтары азери бийлигинин ага койгон айыптоолору негизсиз экенин айтышкан. Жубайы жана укук коргоо уюмдары эгер Тбилиси журналистти ишмердүүлүгү үчүн буга чейин бир нече жолу камалган Азербайжанга өткөрүп берсе анын коопсуздугуна коркунуч жаралат деп чочулоодо.
Azel.TV жаңылыктар каналын жетектеп, азери бийлиги тууралуу сын көз карашын ачык айткан журналист 2016-жылдан бери Бакуда бир нече жолу кармалып, бир жылдай убакыт абакта отуруп чыккан. Мекенинде ага «акча талап кылган» деген айып тагылган, өзү мындай кинени саясий куугунтук деп атоодо. 2023-жылы май айында абактан ырайым менен бошотулган журналист декабрь айында Грузияга чыгып кеткен, ал жактан Бакунун өтүнүчү менен быйыл август айында кармалган.
Грузиянын миграция кызматы Садыговго саясий башпаанек берүүдөн баш тарткан. (RK)
Фирменный разгром: как «Динамо» впервые за 12 лет вышло в полуфинал
"Невменяемый человек": политолог Гаспарян прокомментировал шантаж Каллас на тему 9 мая
В столице состоялось открытое соревнование по армрестлингу, посвящённое памяти Героя России Сергея Громова. Участники турнира сразились за почётный Кубок.
Ксения Алферова, Зоя Бербер, Валерия Ланская, Оскар Кучера и другие звезды на премьере анимационного фильма «Ай да Пушкин!»
Более 16 тысяч жителей региона, пострадавших в результате аварии на Чернобыльской АЭС, получают меры соцподдержки от Отделения СФР по Москве и Московской области
Москвичи получили 49 дипломов победителей на Всероссийской олимпиаде школьников
"Оранжевый" уровень опасности из-за жары продлится в Москве до 24 апреля
От гимнастики до грамматики: Москва лидирует на Всероссийской олимпиаде школьников
Беспроводной сканер штрих-кодов SAOTRON P05i промышленного класса
«Российская газета» и «Роскосмос» провели масштабную акцию в поддержку Поискового движения России
В Нарьян-Маре работники прокуратуры вместе с учащимися ГБУ Ненецкого автономного округа «Ненецкая средняя школа имени А.П. Пырерки» приняли участие в мероприятиях, посвященных 80-летию Победы в Великой Отечественной войне
«Нетрика Медицина» помогла реализовать голосового робота для записи к врачу в Архангельской области