Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Туу боюнча иш козголгон активист Жоробековго 70 миң сом айып салынды

0
Бишкектеги Ленин райондук соту мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып кылмыш иши козголгон жарандык активист Афтандил Жоробековду күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кабарлады.


Анын айтымында, Афтандил Жоробеков Кылмыш жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) 1-бөлүгү (“Жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен”) менен күнөлүү деп табылды. Бул берене боюнча 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.


40 жаштагы активист мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып 2023-жылы 9-декабрда камалган. Ага алгач “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Жоробеков тууну алмаштырууга каршы ар кандай акцияларды өткөрүүнү демилгелеген. Кийин 2024-жылы 15-июнда үй камагына чыккан. 




Кармалгандан кийин анын автоунаасында жана батиринде тинтүү болуп, ноутбук, чөнтөк телефону алынган. Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү алынган ноутбук, телефон боюнча техникалык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы "массалык башаламандыктарга чакырык жок" деп чыккан. Кийин ага тагылган айып “бийликти басып алууга ачык чакырык жасаган” деп алмаштырылган.


Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы элементтерди өзгөртүүнү сунуштап, коомчулуктагы нааразылыкка карабай, 2023-жылдын этегинде парламент аны колдоп, президент желекти өзгөртүү мыйзамына кол койгон. (TSh)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Владимир Иванов

Бадминтонист Владимир Иванов возглавил минспорт Челябинской области






Роспотребнадзор закрыл пекарню, где жители Москвы отравились выпечкой с ртутью

Александр Винник: что известно о россияне, которого обменяют на Марка Фогеля

Рязанскую «Деловую Россию» возглавил Павел Яковлев

Риелтор Сырцов: предложение новостроек в Старой Москве упало на 5,4% за месяц