Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Испанияда селден каза болгондор 160 адамга жакындап, үч күндүк аза күтүү жарыяланды

0
Соңку маалыматтар боюнча Испаниянын түштүк-чыгышындагы селден каза болгондор 158 адамге жетип, өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Ондогон адам дайынсыз болууда.


Куткаруучулар сууга аккан автоунаалар менен жабыркаган үйлөрдөн кишилерди издөө иштерин улантып жатат. Бийлик бир күн мурун машинелерден жана турак жайлардын чатырларынан 70ге жакын киши куткарылганын билдирди. Куткаруу иштерине миңден ашык аскер кызматкери тартылды.


Валенсия аймагынын тургундары жергиликтүү бийлик сел каптоо коркунучу тууралуу эскертүүнү кеч берген деп сынга алышууда.


Бул жолку сел Испанияда 1973-жылдан берки эң чоң жаратылыш кырсыктарынын бири болуп калды. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүшү менен байланыштырып жатышат. Метеорологдордун пикиринде, Жер ортолук деңиздеги суунун температурасынын жогорулашы буулануу деңгээлин активдештирип жатат жана мунун айынан жаан-чачын көбөйүүдө.


Быйыл күз башталгандан бери Европанын бир нече өлкөсүн суу каптап, ондогон адамдар набыт болду. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Даниил Медведев вышел в полуфинал турнира ATP-250 в Марселе






Терапевт Парамонов рассказал, как пережить скачки атмосферного давления

Боевые лазеры мегаваттного класса на авиационных носителях: кто станет первым – США или Россия?

Белый порошок и оружие: силовики провели рейд в гостинице Москвы

Автомобилистам приготовиться: новые штрафы с 15 февраля ударят по кошельку каждого