Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду сот 70 миң сом айыпка жыкты. Ал мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан соң "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого" айыпталып кармалган. Жоробеков алты айга чукул абакта жатып, кийин үй камагына чыккан.