Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Израил Газада ХАМАСтын дагы бир лидери өлтүрүлгөнүн билдирди

0
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) лидерлеринин дагы бири Изз аль-Дин Кассаб өлтүрүлгөнүн билдирди.


Ал жардамчысы менен Газанын түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис аймагында аба соккусунан набыт кеткени айтылды. Маалымат боюнча, Кассаб ХАМАСтын сектордогу башка топтор менен стратегиялык жана аскердик карым-катышы үчүн жооптуу адам болгон. ЦАХАЛ ал ХАМАСтын Газа тилкесинде тирүү калган акыркы жогорку жетекчилиринин бири экенин кабарлады.


2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 адамды барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.


Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Израил алардын бир катар жетекчилери жок кылынганын жарыялаган.


Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери тилкеде каза тапкандардын саны 43 миңге чукул адам каза болду. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко проиграла в первом круге турнира WTA-1000 в Дохе






«Последний день на Земле»: Вики Ли с клипом, который дарит надежду

Wellinger: Ваша виброплатформа для здоровья и красоты

Более 800 фасадов жилых домов отремонтируют в этом году в Москве

Реставрацию павильона «Главтабак» на ВДНХ закончат в 2025 году