Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Топчугүл Шайдуллаева Эл жазуучусу болду, режиссерлор "Даңк" медалын алды

0
Жазуучу, публицист Топчугүл Шайдуллаева Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу болду. Кинорежиссерлор Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров “Даңк” медалы менен сыйланды.


Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин күнүнө карата бир катар өнөр адамдарына, жазуучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.


Ага ылайык, Кыргыз улуттук филармониясынын артисти Анапия Райымбековага, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Анара Сыдыгалиевага, “Акак” комузчулар ансамблинин көркөм жетекчиси Ирина Суеркуловага Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылды.


Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Албина Имашова, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Света Абдыкадырова, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасынын жетектөөчү чебери Фарух Садыркулов жана Кыргыз улуттук филармониясынын артисти Азим Шаршебаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болушту.


Ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу Анара Искаковага,Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат саясаты башкармалыгынын башкы адиси Шеримбек Кумаевге, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру Назгүл Мусаева, Улуттук маданий борбордун эл чыгармачылыгы, балдардын музыкалык билими жана маданий мурастары башкармалыгынын башкы адиси Нарынкүл Шералиевага берилди.


“Даңк” медалы менен “Сейтек” улуттук борборунун “Шаттык” элдик үлгүлүү хореографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси Эрик Латыпов сыйланды.




Мындан тышкары маданий мекемелердин бир катар кызматкерлерине, театрдын актёрлоруна "Ардак грамота" ыйгарылды.


Сыйлоо аземи 2-октябрда өтүп, президент Садыр Жапаров маданият тармагы ар тараптан колдоого алынганын, маданият үйлөрүндөгү техникалык каражаттарды жаңыртып, театр, оюн-зоок мекемелерин жаңы репертуарлар менен толуктоого жана сахна костюмдарын тиктирүүгө, гастролдорду уюштурууга шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Джокович снялся с полуфинального матча со Зверевым на Australian Open — 2025






Личная армия "гламурного генерала": Как берегли Тимура Иванова и что нашли у него дома?

«Приумножать достижения»: как прошел визит Путина в МГУ

"Дональд стесняется": Сигналы о переговорах Путина и Трампа становятся всё более странными. Пинчук иронично ответил "ждунам"

Суд Москвы: блокчейн-игра Age of Mars нарушает защиту данных россиян