Бишкектеги мектептердин биринде акча чогултууга каршы чыккканы үчүн кодуланып жатканын айткан ата-энелер "Азатыкка" кайрылды. Ошол эле мектепте балдары окуган башка ата-энелер акча чогултуу болбогонун, айрымдары балдар үчүн керектүү каражаттарды өз ыктыяры менен алып беришкенин билдиришти. Маселени Бишкек шаардык билим берүү департаменти териштирүүдө.