Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Президент Жапаров Түркияга экспорттолгон товарларга жеңилдик берүүнү сунуштады

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын жылдык соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн Анкарадан айрым жеңилдиктерди сурады. 


Ал Түркияда Кыргызстандын негизги экспорттук товарларына жеңилдик берилбегенин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен 5-ноябрдагы жолугушууда айтты.


“Ушуга байланыштуу Кыргызстандын экспорттук товарларына жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизип берүүңүздөрдү суранам. Кыргызстан бүгүнкү күндө Борбор Азияда суу-энергетикалык ресурстарга бай өлкө. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы 142 миллиард киловатт/саатты түзсө, өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарын өздөштүрүү дарамети 13% гана түзүүдө. Түрк компанияларынын орто жана чакан ГЭСтерди куруу долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм”, - деди Садыр Жапаров.


Президент быйыл 1-майдан тартып кыргыз-түрк ташуучулары эки өлкөгө жүк ташуу үчүн уруксат кагазы жокко чыгарылганын маалымдады.


Түркиянын лидери Эрдоган мамлекеттик сапары менен 4-ноябрда Бишкекке келди. Ал 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине да катышат.


Түрк президенти буга чейин Кыргызстанга 2018-жылы келген.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист Медведев опустился на одну позицию в рейтинге ATP






В Госдуме предложили повысить штрафы для чиновников за оскорбление россиян

Специалист Гомыранов: тёплая зима не повлияет на количество змей в Подмосковье

Концерты, выставки и стендап: куда сходить в Москве в феврале

Учитель информатики из Пермского края стал призёром Всероссийской премии «Знание.Лектор»