Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Кыргызстанда Түркиянын “Маариф” мектептерин көбөйтүү макулдашылды

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында Түркиянын “Маариф” билим берүү фондунун мектептерин ачуу боюнча макулдашуу жанданганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча уюштурулган басма сөз жыйынында айтты.


Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу Бишкектеги “Ынтымак ордо” президенттик администрациясында өттү.


Түрк өкмөтү каржылаган “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум 2018-жылы Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапары учурунда кабыл алынган. Ошондон үч жыл өткөндөн кийин – 2021-жылы “Маарифтин” алгачкы мектеби Бишкекте ачылган. Фонд келечекте мындай билим берүү комплекстерин Кыргызстандын облустарында да ачууну пландап жатканы кабарланган.




Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.


2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.


Түркиянын Бишкектеги элчилиги андан бери “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерин жабууну, же “Маариф” фондуна өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылган.


“Маариф” фондунун расмий сайтында, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Фетхулла Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектеп түрк өкмөтүнө өткөрүлүп берилгени белгиленет. Негизинен Африка, Азия, Европа жана АКШдагы билим берүү мекемелери “Маариф” фондунун карамагына өтүп, учурда бул мектептерде 53 миңден ашык окуучу билим алат.


АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен быйыл 20-октябрда ооруканада каза болгон. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Теннисистка Потапова поднялась на одну позицию в рейтинге WTA






Посол РФ: В Бразилии растёт число вузов с преподаванием русского языка

МИД РФ: фейки вокруг Русского дома в Баку направлены на подрыв связей

Shot: Чемпиона РФ по легкой атлетике Толстихина приговорили к 3,5 года за кражи

Почему в США заговорили о покушении на Владимира Путина