Президенттин иш башкармалыгына караштуу департамент түзүлөт
Жарлыкта мындай чечим президенттин администрациясынын жана парламенттин административдик имараттарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу, кызматкерлер жана бул мамлекеттик мекемелерге баргандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынганы айтылат.
Садыр Жапаров 2022-жылы Жогорку Кеңештин чарба иштерин жүргүзгөн иш башкармалыгын Президенттин иш башкармалыгына бириктирген.
Кыргызстанда санариптик тармактагы башкы оператор саналган “Инфоком” ишканасы жакында эле Президенттин иш башкармалыгына өттү. Ал "Кызмат" деп өзгөртүлүп, өлкөдөгү калкты тейлөө жагынан бир нече функцияны аткарат. Буга чейин Президенттин иш башкармалыгына Мамлекеттик ипотекалык компания да өткөн.
Президенттин иш башкармалыгынын сайтындагы маалыматта жазылгандай, учурда ага Бишкектеги, Ысык-Көлдөгү, Оштогу жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик резиденциялар, “Клиникалык оорукана” жана “Спорттук комплекс” мекемеси, “Автотранспорттук ишкана”, “Мамлекеттик имараттар департаменти”, “Кыргыздипсервис”, “Кыргыз Куршевель”, “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы”, “Кыргызстройсервис” курулуш ишканасы, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Манас” оркестри, “Кыял”, “Алтын-Көл”, “Кыргыз деңизи”, “Мурас” ишканалары, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы, “Учкун” басмаканасы жана башка бир типография карайт. (BTo)